Башкы беткеАктуалдуу маекАктан АРЫМ КУБАТ: “Биз тагдырыбызга маани бербейт экенбиз”

Актан АРЫМ КУБАТ: “Биз тагдырыбызга маани бербейт экенбиз”

Буга чейин мыкты тасмаларды жаратып, кино жаатындагы 50гө жакын эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон  КРнын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр, продюсер, КРнын Улуттук киноакадемиясынын академиги Актан АРЫМ КУБАТтын жакында “Кара Кызыл Сары” толук метраждуу тасмасы 27-Шанхай эларалык кинофестивалында “Эң мыкты тасма” сыйлыгына татыктуу болду. Өзүнүн кичи мекени Сокулук районунун Күн Туу айылында жашап, дүйнө эли таасирленген мыкты тасмаларды жараткан сүрөткер инсанды мейманга чакырып, кенен маек курдук.

– Актан агай, жакында эле бир маегиңизде ысымыңыз Актан Арым Кубат тууралуу кенен айтып берипсиз. Арым, Кубат аталар, апаңыз тууралуу билгим келип турат…

– Мурда айтчу эмес элем, кийин бакма бала экенимди көп айтчу болуп алдым. Анткени, бул адамдын ичиндеги комплекс окшойт. Ооба, Арымбек менин биологиялык атам болсо, Кубаталы мени баккан киши. Экөө тең убагында башкарма болушкан экен. Сонун Токтомушева деген менин биологиялык апам. А кишини апче, Арым атамды жезде деп чоңойдум. А өзүмдүн апам Ракыя Сарымсакова. Апам абдан ак көңүл болгондуктан мен эле эмес айыл эли бүт жакшы көрчү. Сыртта чай ичип отурсак ары-бери өткөндүн баарын чайга чакыра берер эле. Эстутуму мыкты болгондуктан досторум, теңтуштарымдын кыздары каякка турмушка чыгып, балдары каяктан келинчек күткөнүн жатка билер эле. Апам 85 жашка чыгып кайтыш болду. Бакма бала экенимди мен да, апам да билгени менен экөөбүздүн ортобузда бул тууралуу бир да сөз болгон жок.

– Демек “Бешкемпир” тасмаңыз өзүңүздүн жеке жашооңуздан алынган турбайбы?

– Биз көп учурда тагдырыбызга маани бербейт экенбиз. Менин бакма болуп калганым ички дүйнөмө чоң себеп болуп калса керек. Кебетеси Жараткан “Бешкемпирди” тартсын деп ушундай тагдыр бергенби деп да ойлоп коём. Анткени, кино тарыхында бакма бала тууралуу фильм жок экен. Анын үстүнө бул тасмада мен кыргыз элинин “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” деген накыл кебин чечмелеп бергенге аракет кылгам.

– Ошондо Арымбек ата менен Кубаталы ата алысыраак тууган болуп кетишеби?

– Жок, Кубаталы менен Сонун эки атанын балдары. Экөө Күн-Туудагы Дандыбай уруусунан болот. Арымбек атам болсо шалталык.

– Өспүрүм куракта ыр, аңгеме жазып, сүрөт тартчу экенсиз. С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн соң СССР эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин Чыгармачылык сүрөт чеберканасында билим алыпсыз. Сүрөтчүлүктөн эмнеге кино жаатына ооп кеттиңиз?

– Чынында мен сүрөтчү, режиссёр болом деп деле ойлогон эмесмин. Ата-энем да ал бол, бул бол деп айтпады, үй-бүлөбүздө деле сүрөтчү, киночу болгон жок. Бирок, окуучулук кезде сүрөттү жакшы тарткандыктан мугалимдер “Сен жакшы сүрөтчү болосуң” дешчү. Ошондон улам сүрөтчү болгонго аябай аракет кылдым. Пейзажист болом деп Гапар Айтиевдин чеберканасына барып калганым да ошондон. Бирок, ал жерден кетиш керек болуп, жумуш издеп киностудияга бардым. Ал жакка барганымдын себеби, Гапар Айтиевде жүргөндө түштүккө барып калып киночулар менен аралашып калгам. Киностудияда мен тааныгандардан Жоки Касымалиев, Сүйүн Мырзакметов деген сүрөтчүлөр бар экен. Алар бизге декоратор керек дешип, “Кыргызфильмде” биринчи жолу комедия тартып жаткан Кайырдин Акматалиев деген режиссёр менен иштешип калдым. Ал жерде 10 жылдай сүрөтчү болдум. Кийин ыр, аңгеме жазуу, сүрөт тартуу жөндөмүм киного ылайыктуу болгонун сезип, ичте айта тургандарымды кино аркылуу жеткирсем болот окшойт деген ойлор келе баштады. Анан Эркин Рыспаев экөөбүз алгач “Жолбун ит” деген даректүү тасма тарттык. Андан соң “Байге”, Азиз Алиев тууралуу даректүү тасма, Төлөмүш Океевдин “Келечек” студиясында миллионер “Россия” колхозу жөнүндө буйрутма тасмаларды бирге тарттык. Эмдигиче ошол 50 мүнөттүк даректүү тасманы Төлөмүш Океев атайын режиссёрлук билимим жок мага ишенип тарттырганына түшүнбөйм. Балким ал киши менден режиссёр катары бир нерсени көрсө керек. Ал даректүү тасма Ашхабаддан бир нече сыйлыктарга татыктуу болду. Кийин “Селкинчек”, “Бешкемпир” тартылып, күтүлбөгөн жерден кыргыз кино тармагында Актан деген режиссёр пайда болуп калды. Анан Союздун тараганы да бир чети мага жол ачты окшойт. Себеби, союз маалында атайын диплому жокторго кино тартууга уруксат берилчү эмес.

– 27-Шанхай эларалык кинофестивалында “Кара Кызыл Сары” толук метраждуу тасмаңыз башкы байгеге татыктуу болду. Сүйүү тууралуу тасманын аталышы неге мындай болуп калды?

– Бул тасманы тартар алдында “Рухэштин” кожоюну Олжобай Шакирге тасмага ылайыктуу бир чыгармалар барбы?” деп кайрылдым. Ал Топчугүл Шайдуллаеванын “Долу” аңгемесин салып, аны окуп чыгып жактырдым. Авторго жолугуп “Долуну” тартайын деп жатам десем, ал киши “Анда сценарийин өзүм жазайын” деп калды. Жазуучунун мындай сунушу мага кызык болду. Макулдашып, бир жылдай иштешип жүрүп акыры “Кызыл өрүк” сценарийи даяр болду. Сценарийге автордун “Көк суу”, “Долу” новеллалары кирип, бирок, өзөгү жазуучунун “Килемче” деген аңгемеси болуп калды. Баткен килемдеринде илгертен ак, кара түс көп колдонулуп кийин кызыл кошулган экен. Тасманын аягында килемчи килемге сары өңдү кошот. Муну чечмелей келсек кара түс эркектерге таандык.  Себеби, көбүнесе караны илгертен жердин, күчтүн, көлөмдүү нерсенин өңү катары деп түшүнүшкөн. Кызыл болсо, албетте, сүйүүнүн, сезимдин  өңү катары аялга таандык. Сары болсо башкы каарманыбыз Турдугүлдүн өңү. Себеби, сары өң батыш, Кытай философиясында жашоону түшүнө билүүнүн, сүйүнүүнүн өңү деп айтылат. Анын үстүнө тасманы монтаждап жатканда “Кызыл өрүк” анча коошпой “Кара Кызыл Сары” дегенге токтодук. Бул жакшы табылга болду го деп ойлойм. Себеби, чыгарманын аталышы дайыма уккандарды кызыктырып, табышмактуу да болушу керек.

– Бул тасмаңыздагы башкы каармандарды табыш оңойго турбаса керек…

– Адаттагыдай мында да мен мурун тарткан актёрлорду тартпайм деген талап койдум. Нурбек деген кастинг боюнча директорубуз ролдорго ылайыктуу адамдарды Баткенден эки-үч ай издеди. Баары табылып сүйүү үч бурчтугундагы башкы каармандар – Кадыр, Турдугүл, Шириндин ролун аткарууга киши табылбай койду. Акыры Шириндин ролуна Баткен театрынын актрисасы Айгүл Бусурманкулованы ылайык көрдүк. Турдугүлдү болсо мурдатан эле Наргиза Маматкулова деген режиссёр кыз жакшы ойносо керек деп ичимен боолголоп жүргөм. Баткенден ылайыктуу адам чыкпаганда аны сунуш кылсам кино тартуучу топ кинопробадан өткөрүп, жактырышты. Анан Кадыр маселе болуп калды. Мына-мына кино тартылат болуп калганда аргасыз Мирланга айттым. Өз алдынча актёр болуп калгандыктан “Мурдараак айтпайт белеңер” дегендей бир аз кыялын көрсөтүп барып макул болду. Анын үстүнө Мирлан да Кадырдай жылкы баласын жакшы көргөндүктөн типажы да күлүктөрдү жакшы көргөн Кадырга туура келип калды.

– Сиздин тасмаларыңызды бирөө монтаждайбы же өзүңүз шөкөттөйсүзбү?

– Тасмаларды мен көп жылдан бери иштешип жүргөн Джон Крахмаленко деген мыкты монтажёр жигит шөкөттөйт. Бир убакта аны менен роликтерди, даректүү тасмаларды тартчубуз. Албетте, монтаждоо учурунда мен башкы режиссёр катары үстөмдүк кылам. Бирок, тажрыйбалуу адис катары анын да пикирин угуп, оңдоочу жерлерин бирге оңдойбуз.

(Уландысы бар)

 

Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”

 

 

 

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар