Өлкөбүздүн бажы кызматы 2025-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча бажы төлөмдөрүн чогултуу планын ашыра аткарды. Башкача айтканда, алты айда бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 64 млрд. сомдон ашкан. Мындай жакшы көрсөткүч 2024-жылдын жыйынтыктарында дагы болгонун баса белгилеп кеткибиз келет. Адистер бул жыйынтыкка санариптештирүү жана коррупциялык схемаларды жок кылуунун аркасында жетишилгенин айтышууда.
“Кыргыз Туусу” гезити Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, бажы кызматынын полковниги Алмаз Салиевге бир нече суроолор менен кайрылдык.
– Алмаз Абдылдаевич, Бажы кызматы 2025-жылдын I кварталында 31,1 млрд. сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, белгиленген пландан 2 млрд. 85,6 млн. сомго көп болуптур. Экинчи кварталга көрсөтүлгөн план дагы ийгиликтүү аткарылыптыр. Ушуну өзүңүздөн уксак?
– Бажы кызматынын эң негизги милдеттеринин бири – бажы төлөмдөрү боюнча планды аткаруу. 2025-жылдын 2-кварталынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 33,0 млрд. сомду түздү. Белгиленген пландаштырылган көрсөткүчтөр -102,0%га же 633,3 млн. сомго көп, аткарылды. Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында бюджетке 64 млрд. 100 млн. сом акчалай каражат түшүрдүк. План 101,5 пайызга аткарылды. Бул айтылгандар жеңил көрүнгөнү менен иш жүзүндө өтө чоң көрсөткүч. Себеби, төлөмдөрдү чогултуу өтө чоң аракеттерди талап кылат.
– Мамлекеттик бажы кызматында 100 күнгө кыска мөөнөттүү иш-чаралар планы бекитилгенин билебиз. Анда, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу-га жана бажы системасын модернизациялоого багытталган бир катар негизги иш-чаралар каралган. Канчалык деңгээлде аткарылды?
– Мамлекеттик бажы кызматында 2025-жылдын март айында бекитилген 100 күндүк пландын аткарылышынын жыйынтыгы чыгарылып, негизги көңүл бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, санариптик чечимдерди киргизүүгө жана тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган.
100 күндүк план алкагында биз өткөрмө пункттарда жана бажы тариздөө жүргүзүү жерлеринде колдонулуп жаткан бардык жол-жоболорду кылдат талдап чыктык. Бул коррупциялык тобокелдиктер кайсы этаптарда сакталуу экенин жана кайсыл жерлерде ашыкча бюрократияны кыскартууга же оптималдаштырууга болорун так аныктоого мүмкүндүк берди.
«Кызыл-Кыя-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасын киргизүү негизги кадамдардын бири болду, андан кийин долбоор бардык өткөрүү пункттарында кеңейтилет, бул күтүү убактысын кыскартып, тыгынды жок кылат. Мамлекеттик бажы кызматы да ЕАЭБдин алкагында бажы көзөмөлү жок жерде да кыргыз-казак чек арасында электрондук кезекти иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү.
«Бирдиктүү терезе» Мамлекеттик бажы кызматынын көзөмөлүнө өттү. Бул жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана бизнести мамлекет менен санариптештирүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: ашыкча бюрократиясыз бардык уруксаттарды алуу үчүн бирдиктүү экосистеманы өнүктүрүү алдыда.
Кызматтын өзүндө санариптик чечимдерге көп көңүл бурулду: Nextcloud электрондук документ башкаруу жана булут сактоо системасы ишке киргизилди, инспекторлор жүктөрдү жеринде текшерүү үчүн планшеттерди колдонушат. Мунун баары иш кагаздарын кыскартып, ишти тездетүүдө.
Мамлекеттик бажы кызматы инфраструктураны өнүктүрүүнү улантууда: «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттары реконструкцияланууда.
Биз ырааттуу түрдө кызматтын ишмердүүлүгүн реформалап, процесстерди жөнөкөйлөштүрүп, бажыга болгон мамилени өзгөртүп жатабыз. Биз үчүн бажы бизнес-ке жардам берип, жарандардын жашоосун жеңилдетип, элдин ишенимин бекемдегени маанилүү. Бул кадамдардын баары өлкөнүн экономикасынын ыңгайлуулугу, ачык-айкындыгы жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жасалууда. Бүгүнкү күндө бажы кызматы ачык жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн санариптик чечүүнү камсыз кылууда.
Кадрларды кабыл алуунун принциптери жаңыртылды: бардык тесттик суроолорго жеткиликтүүлүк ачылды, кадрдык резерв түзүлүүдө, ЖОЖдор менен кызматташуу чыңдалууда. Жакында кадрлар резервине тандоо конкурсу башталды. Конкурс үч этаптан турат, бул — дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу, тест тапшыруу, жана эссе жазуу жана маектешүү. Белгилей кетчү нерсе, конкурстук тандоонун бардык этаптары тынымсыз видеокамерага жазылып, мындан тышкары, конкурсту өткөрүүнүн ачык-айкындуулугу үчүн бажы кызматынын расмий баракчаларында онлайн трансляция жүргүзүлүп жатат. Учурда, тааныш эмес ар бир сынакка тапшырып жаткан талапкердин билимине, физикалык абалына басым жасайбыз. Азыркы күндө өлкө билимдүү кадрларга муктаж, анткени күчтүү кадрлар бул өлкөнүн келечеги.
– Жакшы иштер жасалып жатыптыр, болбосо бажы десе эле коррупция-нын уюгун элестетип калышты эле…
– Бүгүнкү күндө өткөрмө пункттарында 5 мамлекеттик көзөмөл органдары ишмердигин жүргүзөт. Аларда дагы мурдагыдай жүк ташыган машинелерди токтотуп коюп, себеби жок карап чыгуу деген жок. Анткени алар бажы кызматы тарабанын иштелип чыккан системада иштешет, ар бир мамлекеттик органдын чечим кабыл алууга өзүнчө убактысы бар. Ошол боюнча биздин система аркылуу көзөмөл кыла алабыз. Мурда жүк ташыган машинелер 11 саатка чейин кармалган учурлар болсо, азыр 2 мүнөткө чейинки убакытта чечим кабыл алынып жатат. Эгерде узак убакыт кармаган болсо, эмнеге кармап турганы боюнча системага маалымат киргизишет. Бул чоң жетишкендик.
– Евразия экономикалык бирлигинин аймагына жеке колдонуу үчүн товарларды ташып кирүү эрежелери жеңилдетилгенби?
– Ооба, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына жеке колдонуу үчүн товарларды ташып кирүү эрежелери жеңилдетилди. Тактап айтканда, товарларды алымсыз ташып кирүү чеги жогорулады. 2022-жылдын, октябрынан бүгүнкү күнгө чейин алымсыз ташып кирүү чеги 500 евро жана 25 кг түзгөн. Азыр ЕЭК Кеңешинин чечими боюнча ал 1000 еврого жана аба транспорту менен 31 кг чейин көбөйтүлгөн.
Жеке пайдалануу үчүн товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына бажы алымдарын, салыктарын төлөбөстөн алынып келинүүчү нарктык, салмактык жана (же) сандык нормалар ЕЭКтин 17.12.2017-ж. №107 чечими менен аныкталган.
Бул чечимде товарларды коштоп жүрүүчү жана коштоосуз багаж менен аба транспортунан башка транспорттун бардык түрлөрү менен ташып келүү, ошондой эле товарларды жүгүртүү эрежелери көрсөтүлгөн.
– Кыргыз мамлекети үчүн жаңы ачылган Бедел өткөрмө пункту канчалык деңгээлде киреше алып келет?
– Бүгүнкү күндө «Бедел» өткөрмө пункту Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги милдеттенмелеринин алкагында толук кандуу иштей турган өткөрмө пунктун түзүү боюн-ча иш-чараларды ишке ашырууга чейин жөнөкөйлөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ал эми, Кыргыз мамлекети үчүн «Бедел» өткөрмө пункту канчалык деңгээлде киреше алып келе тургандыгы тууралуу айтсак, биринчи кезекте Чыгыш-Батыш эл аралык коридорундагы негизги транзиттик түйүн катары Кыргыз Республикасы үчүн олуттуу пайда алып келет, экинчиден, тышкы экономикалык карым-катышта ташуулардын убактысын жана чыгымдарын азайтууга, транзиттик альтернативдик каттамдарды камсыздоого жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул өлкөнүн тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана эл аралык транспорттук коридорлорго интеграциялоого умтулуусун көрсөтүп турат, бул узак мөөнөттүү келечекте улуттук транспорт сис-темасынын туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатат деп толук ишенем.
– Акыркы эки жылда Кытай өлкөсүнөн автомобилдерди ташуу көбөйдү. Кытайдан өндүрүлгөн автомобилдер Кыргыз мамлекетинде калабы же үчүнчү өлкөлөргө кетеби?
– Кытайдын айрым унаалары Кыргызстанда кала берсе, кээ бирлери үчүнчү өлкөлөргө багытталышы мүмкүн. Себеби, Кыргызстандын рыногу Кытайдан автомобилдерди экспорттоо боюнча кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат жана конкреттүү моделдер суроо-талапка жана логистикалык ойлорго жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле кытайлык Автоунаа өндүрүүчүлөр үчүн жагымдуу рынок болуп саналат. Алар атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды жана моделдердин ассортиментин сунуштоо менен аймакта катышуусун кеңейтүүнү көздөшөт.
Жалпысынан алганда, кытай автоунаалары Кыргызстандын автопаркынын олуттуу бөлүгү бойдон калат деп күтүлүүдө, бирок алардын үлүшү жана конкреттүү моделдери рыноктун шарттарына жана өндүрүүчүлөрдүн стратегияларына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
– Бээжиндин эсебинде 2024-жылы кыргыз-кытай соода жүгүртүү көлөмү 22,7 млрд. болгон. Кыргыз статистикасынын маалыматы боюнча бул санды 5,6 млрд. доллар деп көрсөтөт. Эки мамлекетте айырмачылык өтө жогору. Себебин түшүндүрө кетсеңиз?
– Мен сизге жөнөкөй тил менен тү-шүндүрүп берейин. Кытай мамлекети бардык өлкөлөргө экспортко товарлары канчалык көп чыккан болсо өнүгөт экен жана мыйзамдуу түрдө эч кимге, эч бир мамлекетке маалымат бербейт. Ошого карабастан, биз эки тараптан тең статистиканы жүргүзөбүз. Жылына эки жолу дал келбеген статистика боюнча талкуулап жүрөбүз.
Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, товарларды транзит менен ташып өтүүнүн таасири. Кыргызстан кытай товарларын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө ташуу үчүн маанилүү транзиттик өлкө болуп саналат. Кытайдын экспорттук декларациясында айрым учурларда Кыргызстан биринчи багыттагы өлкө катары көрсөтүлөт, ошол эле учурда товар иш жүзүндө Кыргызстандын аймагы аркылуу башка (экинчи) өлкөлөргө транзит менен өтөт. Бул товарлар КЭРдин бажы статистикасында Кыргызстанга экспорт катары эсепке алынат жана Кыргызстандын бажы статистикасында импорт катары эсепке алынбайт.
Мындан сырткары, статистикалык босогодон ашпаган (суммасы 1000 евродон жана салмагы 31 кг ашпаган) жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан ташылуучу товарлар Кыргыз Республикасынын бажы статистикасына киргизилбейт, бирок Кытайдын бажы статистикасына кошулат. Чек ара аралык электрондук сооданын жеке жөнөтмөлөрү Кытай тараптын бажы статистикасына киргизилет, бирок Кыргызстандын бажы статистикасына киргизилбейт.
Бизде салмак өлчөмдөр менен эсептелген болсо, Кытай өлкөсүндө ар бир товар дааналап эсептелинет. Алмашуу курсу (АКШ долларына которуу). Кыргыз Республикасында АКШ доллары декларациялоо күнүнө карата Улуттук банктын курсу боюнча кайра эсептелет. Кытай Эл Республикасында-ай сайын жарыяланган айлык курс боюнча.
Мындан тышкары айрым тышкы экономикалык ишмердүүлүк субъекттери экспорт учурунда товардын наркын атайылап жогорулатып көрсөтүшөт. Мунун максаты – экспорттоодо кошумча нарк салыгын (КНС) кайтарып алуу болуп саналат. Мындай көрүнүш бардык мамлекетте болуп жатканын айтып коюшум керек.
Ушундай эле көрүнүш Өзбекстан тарап менен болуп 2022-жылга чейин көрсөткүчтөр айырмаланып келген. Ошондон улам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы Өзбекстан менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган Маалыматтык өз ара аракеттенүү порталын жүзөгө ашырды. Бул жаңы инструмент бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, процесстерди оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Автоматташтырылган жана ачык маалымат алмашуу тартиби товарларды декларациялоону так жана ыкчам жүргүзүүгө шарт түзөт. Бул чара натыйжалуу жана заманбап бажы башкаруусун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду.
Жыпара Жээналева, “Кыргыз Туусу

