whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.01.2026
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАдамзатты өзү жарата турган тозоктон сактоо үчүн түзүлгөн уюм

Адамзатты өзү жарата турган тозоктон сактоо үчүн түзүлгөн уюм

Мындан туура 80 жыл мурда, 1945-жылы 27-июнда Сан-Франциско шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы кабыл алынган. Чындыгында бул БУУнун түзүлүшүн, анын статусун тастыктаган гана эл аралык келишим эмес, дүйнөлүк мамилелердин негизги эрежелерин аныктаган мыйзамдар тутумунун өзөгү. Адегенде 50 мамлекет кол коюп, 1945-жылы 24-октябрда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү ратификациялаган соң күчүнө кирген. Учурда БУУнун Уставын бүтүн дүйнө тааныйт. Айтмакчы, БУУнун дүйнөлүк ролун таанып, анын принциптерин сыйлап, Кыргыз Республикасы да дал ушул 24-октябрды өлкөнүн дипломаттарынын күнү деп жарыялаган.

Уставга ылайык, ага кол койгон бардык мамлекеттер БУУнун Уставы боюнча алган милдеттенмелери башка эл аралык келишимдердеги жоболордон артык экенин моюндашкан.

Дүйнөдөгү укуктук система, мамилелелерди жөнгө салуучу жоболор, суверенитет жана адам укугун сыйлоо, күч колдонбоо, мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө, милдеттенмелерин абийирдүүлүк менен аткаруу, мамлекеттердин чек араларынын бузулбастыгы, террориалдык бүтүндүгүнө доо келтирбөө, маселелерди тынчтык жол менен чечүү принциптердин айрымдары мындан 5 кылым мурда, калгандары кийин, тактап айтканда биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, нечен жолку талкуудан улам кабыл алынган баалуулуктар. Баары адамзатты азапка салган согуштардан улам келип чыккан муктаждык. Оңой оозанып, жеңил бузулган менен, Уставда камтылган принциптер жана жоболор кан менен жазылган, терге жуурулган, көз жашка сугарылган.

БУУнун түзүлүшү жана анын Уставынын кабыл алынышы согуштан башы арылбаган дүйнөгө илгери үмүт тартуулап, тынчтыктын орношунан кабар бергенсиген. Сексен жыл бою БУУнун башкы документи эл аралык кызматташтыкка жана дүйнөлүк укук системасына ишенимдин тиреги, баарына текши жоболордун тутуму, тынчтыкка умтулуунун жана тилектин очогу болуп келди. Эки-экиден кармашып же жапырт кагылышып кеткен күндө да Уставдын маа-ракеси кеп кылууга арзый турган чоң окуя болгондуктан, жалпы дүйнөлүк масштабда белгиленүүгө тийиш эле. Жок, кашайгырдыкы, не Бириккен Улуттар Уюмун түзүүнү демилгелеген мамлекеттер, анын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү, не башкалары, айтор БУУнун штаб-квартирасынын айрым өкүлдөрүнөн башкалары эскерген жок. Демейде соцтармактардан түшпөй, бири бири менен болбогон жерден кайым айтышкан үлкөн саясатчылар бир ооз кеп кылганга жарабады го, чиркин. Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы кабыл алынган датага утурлай же ага удаалаш дүйнөлүк аренада ири кеңешмелер, жолугушуулар, саммиттер, конференциялар, глобалдык жана регионалдык уюшмалардын форумдары, айтор ар кандай жыйындар көп эле өттү. “Биз чогулуп жаткан ушу күндөрү, мындан 80 жыл илгери БУУнун Уставы кабыл алынды эле, ошол башкы документте бизди азыр түйшөлтүп жаткан көйгөйлөрдү болтурбоо, кокус болуп кетсе андай проблемаларды жоюунун, бизди араздаштырган талаштарды чечүүнүн момундай принциптери бар эле…” деген сымал, жадагалса риторикалык шөкөт катары оозанган оратордун кебин эшитпедик.

Маселен, 26-июнда Гаага шаарында (Нидерланды) НАТОнун саммити өттү. Бул аскерий-саясий уюмга мүчө мамлекеттер тарыхый деп атаган саммитте кабыл алынган документке ылайык, НАТОго мүчө өлкөлөр 2035-жылга чейин ички дүң продукциясынын (ИДП) 5%ын коргонууга жумшай турган болушту.

БУУнун Уставы кабыл алынган чоң конференцияга катышкан Англия, АКШ, Франция мүчөсү болгон НАТОнун саммитинин жыйынтык документинде “согуш” деген сөз колдонулбады. XXI кылымда “согуш” термини колдонулбай калды, бирок согуш токтогону жок. Украинада, Африканын бир топ аймагында, Жакынкы Чыгышта кан төгүлүүдө, Азиянын айрым өлкөлөрүндө согуш оту улам дүрт этип турууда. Иран-Израил ортосундагы соңку кандуу кармаш согуш канчалык тез башталаарына, кыска убакытта согушуп жаткандарды гана тургай, калган дүйнөнү кайгыга салаарын көрсөттү.

Жарыша куралдануу өткөн доор менен кошо кетпептир, дүйнө согушка, куралга чыгымын көбөйттү. Нейтралитет статусуна ээ, XX кылым бою эч бир согушка катышпай, курал-жарактарды экспорттоого чек коюп келген Швейцариянын эле курал-жарак жасоочу компанияларынын пайдасы соңку жылдары кескин өсүп, экспорт эселеп өскөнүн SWI swissinfo.ch. бюллетени кеңири баяндаган. Баш катчы Антониу Гуттерештин БУУнун 2021-жылы январдан тартып күчүнө кире турган өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимине кошулуу тууралуу чакырыгы жерде калды дейт SRF телеканалы. Тескерисинче, өзөктүк куралга ээ мамлекеттер “кырам, соем” деп опурулуп турат, башкалары, анын ичинде динге жамынган террорчул жанкечти топтор андай куралга ээ болууга жанталашууда.

Ошентсе да, карама-каршылыктарга жана эрежесиз мушташты элестеткен бу заманда БУУнун түзүлүшү жана анын Уставынын мааракеси биз баалоого тийиш маараке. Баарыбызды ойлонто турган маараке, жамыбызды түйшөлтө турган үлкөн маселе.

Биринчиден, канеткен күндө да БУУ жападан жалгыз глобалдык уюм. Бөлөк мындай уюм жок. Баары убагында каалап жана өз ыктыяры менен бириккен уюм.

Экинчиден, БУУ адамзаттын алдында тынымсыз пайда болуучу чакырыктарды чечүүгө Уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген жалгыз универсалдуу түзүм. Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров 2023-жылы БУУНун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө дал ушул жагдайды баса белгилеп, Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмун чечкиндүү колдой тургандыгын билдирген.

Үчүнчүдөн, миссиясы анык уюм. БУУ – Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин согушту болтурбоо максатында түзүлгөн. БУУнун экинчи, 1953-1961-жылдардагы Баш катчысы Даг Хаммаршёльд айткандай, Улуттар Уюму адамзатты асманга чыгарыш үчүн эмес, адамзатты ал өзү жарата турган тозоктон сактоо үчүн түзүлгөн.

Төртүнчүдөн, айрым саясатчылар менен бир ууч ишкерлер пайда тапкан, калган элди азапка салган, адамзат умтулган тынчтыкты көздөгөн дүйнөлүк уюм.

Бешинчиден, БУУ сыяктуу узак убакыт жашаган глобалдык уюм жок. Биринчи дүйнөлүк согуштан соң жаралган Улуттар Лигасы көпкө өмүр сүрө албаган.  Эгер БУУ түзүлгөн тарыхый контексти эске алганда, уюмдун узак жашоосу уюмдун келечеги жана жаңы дүйнөлүк тартипти орнотуу маселесинде эске ала турган реалдуулук. БУУ бир эмес, эки ирет кайталанган, аралыгы кыска дүйнөлүк эки катастрофанын туундусу.

Албетте, ар бир уюмдун кемчилиги бар. Баары заманга жараша өзгөрүлмөгү, жаңыланмагы парз. Айрымдары миссия-сын аткара албай калат, кай бирлери четке кагылып, улам башкалары пайда болмогу мыйзамченемдүү процесс. Мисалы, Европалык Комиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Европанын лидерлерине Евробиримдиктин Азия башка континенттер менен соода-экономикалык алакасын институтташтырууну сунуштады. Урсула айым болочок соода институту Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна альтернатива болоорун жашырганы жок, тескерисинче, жаңы дүйнөлүк соода тартибин орнотуу демилгеси катары баалады. Демек БУУнун өзүндө кемчиликтер жетиштүү, реформага муктаж.

Бирок, зордук-зомбулук күчөп, согушка умтулган уюшмалар улам бир балакетти баштаса да, бир жердеги жаңжалга башкалары баш-оту менен аралашса да, 3-дүйнөлүк согушка жол бериле элек. Согуштук технологиялар адамзаттын тынч жашоосуна арналган өнөр жайга караганда алда канча ыкчам өнүккөн доордо тынчтыкка муктаждык, куралдуу конфликттерге жол бербөө болуп көрбөгөндөй актуалдашты. Жаңы дүйнөлүк тартип орнотуу үчүн эми дагы дүйнөлүк согушту күтүү жеткен акылсыздык жана адамзатка каршы оор кылмыш. Демек дүйнө мамлекеттери, асыресе ири жана кубаттуу мамлекеттер орток пикирге келүүсү, адамзатты глобалдык согушка, канды суудай агызган, жерди жексен кылган жаңжалдарды болтурбоонун башкы эрежелерин макулдашып алуусу абзел. Ири жана кубаттуу мамлекеттер дегенибиз, жаңжалдарды ошолор баштайт, эрежелерди адегенде ошолор бузат. “Эл аралык мамилелер мамлекеттердин жашоо үчүн күрөшү, кыйындары гана жашап кетет” деп жаңы “дарвинизм” кубаттуу мамлекеттер үчүн саясий идеологемага айланып бараткан сыяктуу. “Жеңүүчүгө сот жок, жеңилгенге убал жок” деген күйгөндөн айтылган арман кеп айрым саясатчылардын туу туткан принциби окшобойбу. Ошондуктан ири жана кубаттуу мамлекеттердин жана алардын элитасынын адамзаттын тагдыры алдында жоопкерчилигин эске алганыбыз кажет. Эстебесе, кабат-кабат айтып, эскерткенибиз жөндүү. Кур дегенде БУУнун Уставын сыйлайбыз, анын принциптеринин бузулушуна жол бербейбиз деп бекем айтып, мурда берген убадасын, алган милдеттенмесин эстегени абзел. Эл аралык укуктун, анын ичинде БУУ бардык системалары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. Суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел.

БУУнун Уставында жана анын аткарылышында чоң проблема бар. Айталы, эл аралык укуктук системада орчундуу коллизиялар да жетиштүү. Маселен адам укугун сыйлоо принциби менен мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө принциби, элдердин өз тагдырын өзү аныктоо укугу менен мамлекеттердин территориалдык бүтүндүгү принциптери универсалдык жана жалпыга милдеттүү. Башкача айтканда императивдүү күчкө ээ жоболор. А иш жүзүндө адам укугу бузулуп жатат, биз кийлигишпесек болбойт деп мамлекеттерге кол салынды, шаарлар бомбаланды. Тескерисинче, бүтүндөй этностор же диний топтор зордук-зомбулукка учураган кезде ички ишине кийлигишпейбиз деген позиция-ны бетке кармашат. Территориалдык бүтүндүк принциби элдердин өз тагдырын өзү аныктоо принцибине дайыма шайкеш эмес экен. Формалдуу плебисциттер, сырттан кийлигишүү аркылуу жаңы мамлекеттер пайда болду, эскилери кыйрады. Бирок мамлекеттерди таануу процессинде жана мамлекеттердин бүтүндүгүнүн, алардын суверенитетинин кол тийбестигинин сакталышында БУУнун ролу талашсыз. Мамлекеттер жаралышы мүмкүн, бирок аларды БУУ тааныбаса легитимдүүлүгү талаштуу нерсе. БУУ уюшулгандан кийин империялар кыйрап, жаңы көз карандысыз мамлекеттер пайда болду. Колониалдык системанын кыйрашында БУУнун ролу, анын легитимдештирүүчү миссиясы эбегейсиз мааниге ээ болгонун эч ким талаша албайт. Азиядагы, Африкадагы, Кариб бассейниндеги, Тынч океан аймагындагы ондогон өлкөлөр өз алдынча мамлекет, эл аралык мамилелердин субъектиси болгону үчүн БУУнун түзүлүшү жана анын дүйнөлүк ролу менен ажырагыс байланышта.

Албетте, дүйнө БУУ түзүлгөн күндөн бери кескин өзгөрдү. Адамзат аны кыйнаган проблемалардан арылмак тургай, жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болду. Эң эзелки коркунуч – согуш коркунучу күч алды. Адамзаттын жаратман күчүнө караганда анын кыйраткыч энергиясы алда канча көп экендигине күбө болуудабыз. Адамдын колунан чыккан нерселер, маселен, жасалма интеллект, бүгүн адамзаттын өзүн башкарууга бет алгандай. Бирок ушул маселелер алакан жайып отуруп калууну шарттоого тийиш эмес. Тескерисинче, БУУну жаңы бийиктикке чыгарууга, алдына коюлган жаңы миссияларды аткарууга чакырып туру. Дүйнө келечегин ойлонуп туру.

Былтыр Нью-Йорктогу Келечек саммитинде Келечек пакты, аны толуктаган келечек муун үчүн декларациясы жана Глобалдык санарип келишими кабыл алынды. Кыргызстан Келечек пактын иштеп чыгуу ишине жигердүү катышты.

Ушул саммитте мамлекет башчысы Садыр Жапаров биздин өлкөнүн атынан сүйлөп, дүйнөлүк проблемаларды чечүү боюнча демилгелерди көтөргөн эле. Кыргызстан эл аралык аренада жоопкерчиликтүү мамлекет жана дүйнө үчүн изги идеяларды сунуштоого жарактуу мамлекет экенин да бир ирет көрсөттү. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болууга ынтызарлыгы ушул уюмдун дүйнөлүк масштабдагы маселелерди чечүү процессине жигердүү катышууга бекем ниетин жана камылгасын билдирет.

Сан-Францискодо Устав кабыл алынган кездеги дагы бир баалуу сабак – бул  кылыч көтөрүп, кайра тартпас болуп кармашып турган тараптар бириге алаарын, проблемалардын алдында кол куушуруп багынгандан көрө жабыла аракет кылуу зарылдыгын жана мүмкүнчүлүгүн тастыктап турат.

Алмаз Кулматов

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар