whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧет өлкөлүк унааларды киргизүү жана пайдалануу тартиби бекитилди

Чет өлкөлүк унааларды киргизүү жана пайдалануу тартиби бекитилди

Министрлер кабинети башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган унааларды Кыргызстандын аймагына кирүү (ташып кирүү), чыгуу (ташып чыгуу) жана аларды Кыргызстандын аймагында эксплуатациялоо тартибин бекитти.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин – 2025-жылдын 3-майынан тартып күчүнө кирет.

Бул Тартип аркылуу төмөнкү маселелер жөнгө салынат:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарын каттоо механизми;
  • ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартиби;
  • чет элдик транспорт каражаттарын Кыргызстандын аймагында пайдалануу талаптары.
    Бул Тартипти киргизүү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
  • чет элдик транспорт каражаттарын, анын ичинде алардын болуу мөөнөттөрүн, тиешелүү түрдө каттоо жана көзөмөлдөө;
  • чет өлкөлүк номер белгилери бар унааларды пайдаланууну тартипке келтирүү;
  • мыйзамсыз алып келүү фактыларын алдын алуу.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар