whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨКМ: Экологияны калыбына келтирүүгө 52 млн доллар бөлүнөт

ӨКМ: Экологияны калыбына келтирүүгө 52 млн доллар бөлүнөт

Кыргызстанда RESILAND CA+ аттуу ири экологиялык демилге ишке кирди. ӨКМ билдиргендей, аталган программа табигый кырсыктарды алдын алууга, жаратылышты коргоого жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында экологияны калыбына келтирүүгө 52 млн доллар бөлүнөт. Анын 45 млн доллары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (IDA) жеңилдетилген насыясы болсо, 5 миллиону PROGREEN фондунун, 2,4 миллиону Түштүк Корея менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун (KWPF) гранты.

«Программа Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Өзгөчө көңүл Кара-Дарыя дарыясынын бассейнине бурулат – бул аймакта сел коркунучу жогору. Андагы коргоо иш-чаралары Кыргызстандын гана эмес, агым боюнча төмөн жакта жайгашкан өлкөлөрдүн да коопсуздугун камсыздайт. Мөңгүлөрдүн эришине каршы туруктуу чаралар көрүлөт. Суунун жоготуусун алдын алуу жана акыл-эстүү башкаруу үчүн токой чарбасын, жашыл зоналарды жана суу агымдарын багыттоочу инженердик курулмалар курулат. Бул чаралар ички коопсуздукту гана эмес, суу түгөнүп бараткан коңшу мамлекеттерди да эске алат. Сууну ичүү жана ирригация максатында узак мөөнөттүү сактоо негизги милдет катары белгиленген», — деп жазылган маалыматта.

Долбоордун ишке кириши менен 70 миң гектар жер туруктуу башкарууга алынары, 17 миңден ашуун адам табигый кырсыктардан корголору, аймактарда миңдеген жаңы жумуш орундар пайда болору, эл аралык экологиялык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгары айтылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, акыркы 12 жылда өлкө аймагында 900дөн ашуун сел жүргөн. 2024-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жүргөн селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар