whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө токтому кабыл алынды

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө токтому кабыл алынды

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев кол койду. 

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан баштап ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билиши керек.

Мындан тышкары, Кыргызстанда туруктуу жашаган жана Кыргызстандын жараны болгон этностук азчылыктын өкүлдөрү 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) ылдый эмес билиши керек.

Кызматтык жана функциялык милдеттери бөлүмдү башкаруу, ишти пландоо жана координациялоо, ошондой эле консультация берүү, эл алдында сүйлөө жана расмий жазуу жүзүндөгү тексттерди даярдоо менен байланышкан кызмат адамдары үчүн иш берүүчү мамлекеттик тилди билүүгө бул чечимде белгиленгендерге караганда кыйла жогору талап коюуга укуктуу экени белгиленген.

Эске салсак, 2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар