Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Министрлер Кабинетинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын иретке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, документ үйлөнүү той, кыз узатуу, бешик той, тушоо кесүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды, ошондой эле ажылык жана умра сапарларына байланыштуу диний жөрөлгөлөрдү камтыйт. Мындан тышкары, сөөк коюу жана маркумду эскерүүгө арналган үчүлүк, жетилик, кыркылык жана жылдык аш өткөрүү тартибин жөнгө салуу каралган.
Той салтанаттарына коюлуучу талаптар
Долбоорго ылайык, үйлөнүү үлпөтү жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарда меймандардын саны 200 адамга чейин, ал эми жалпы катышуучулардын саны 350 адамдан ашпоого тийиш. Той бир күндүн ичинде өткөрүлүп, карызга же кредитке акча алып салтанат уюштурууга жол берилбейт.
Мындан сырткары, бир баш бодо мал же бир жылкы менен гана чектелүү сунушталат. Үйлөнүү тойлорунда үчтөн ашык жеңил унаадан турган кортеждерге тыюу салынат. «Кийит кийгизүү», «себет берүү», «түштөнүү» сыяктуу ашыкча чыгымдарды талап кылган салттарды өткөрбөө сунушталат. Ошондой эле фейерверк атууга жана кымбат баалуу шоу-программаларды уюштурууга чектөө коюлат.
Сөөк коюу жана эскерүү зыяпаттары
Токтом долбоорунда маркумду жерге берүү жана эскерүү зыяпаттарына да чектөөлөр каралган. Ага ылайык, сөөк коюлган күнү мал союуга тыюу салынат. Ошол эле учурда, маркумду узатууга келген адамдардын санына чектөө коюлбайт.
Министрлик бул чаралар ашыкча чыгымдарды азайтып, коомдо үнөмдүү жана тартиптүү салттарды калыптандырууга багытталганын белгилейт. Документ коомдук талкуудан кийин кайра каралып, акыркы чечим кабыл алынат.

