whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан ядролук жана радиациялык жардам боюнча конвенцияга кошулду

Кыргызстан ядролук жана радиациялык жардам боюнча конвенцияга кошулду

Президент Садыр Жапаров «1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам берүү жөнүндө конвенция (мындан ары – конвенция) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткаруу болуп саналат. Кабыл алынган мыйзам менен Кыргызстандын конвенцияга кошулуусу каралган.

Конвенциянын максаты ядролук авариялар же радиациялык авариялык кырдаалдар келип чыкканда эл аралык координацияны жана жардамды камсыз кылуудан турат. Конвенция мындай авариялардын потенциалдуу кесепеттерин минималдаштыруу жана адамдын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында катышуучу мамлекеттердин ортосунда маалымат алмашууну, техникалык жардамды жана кызматташуунун башка чараларын карайт.

Кыргызстандын конвенцияга кошулуусу радиациялык инциденттерге ыкчам жооп кайтаруу үчүн юридикалык негизди бекемдөөгө, калкты жана экосистеманы радиациянын таасиринен коргоо механизмдерин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Радиациялык коопсуздук жаатында натыйжалуу эл аралык стандарттарды киргизүү жарандардын ден соолугун узак мөөнөттүү коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн шарттарды түзөт.

Мындан тышкары, конвенциянын алкагында эл аралык кызматташтыкка катышуу өлкө үчүн алдынкы технологияларга жетүү, адистерди окутуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Бул радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө иштеген улуттук түзүмдөрдүн квалификациясын кыйла жогорулатууга жана потенциалдуу өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртууга, тобокелдиктерди кыйла азайтууга жана минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Бул конвенцияга кошулуу ошондой эле өлкөнүн эл аралык позициясын бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү келечекте стратегиялык кызыкчылыктарга жооп берген радиациялык коопсуздук жаатындагы милдеттенмелерди аткарууга өбөлгө түзөт.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар