Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Тажикстандын президенти менен Чолпон-Атада жолугушту

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен Чолпон-Атада жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жолугушту.

Тараптар кыргыз-тажик достук, ынак коңшулаштык жана кызматташтык мамилелеринин абалын жана келечегин ар тараптуу карап чыгышты.

Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин жакында болуп өткөн мамлекеттик сапарлар менен алмашууларынын жемиштүү жыйынтыктары талкууланды.

Бул контекстте мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтыкты жана өз ара байланыштардын башка аспектилерин мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо процессин алдыга жылдыруу маселелерине басым жасашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашылды.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар