Black Eyed Peas тобунун мүчөсү, музыкант жана ишкер Will.i.am Калифорниядагы Nvidia компаниясынын жасалма интеллект боюнча конференциясында Trinity аттуу жаңы долбоорун тааныштырды.
«Trinity» — бул шаар ичинде жүрүүгө ылайыкташкан бир орундуу электрдик үч дөңгөлөктүү унаа. Автор аны «дөңгөлөктөгү мээ» деп атап, күнүмдүк сапарларды жеңилдетүүгө багытталганын белгиледи.
Унаа заманбап технологиялар менен жабдылган. Анда 360 градус камералар, сенсорлор жана айлана-чөйрөнү анализдеген жасалма интеллект системасы бар. Ал жолдогу автоунааларды, жөө жүргүнчүлөрдү, светофорлорду жана белгилерди таанып, айдоочуга жардам берет.
Мындан тышкары, система айдоочуга жолдо бара жатып документтер менен иштөөгө, тапшырмаларды башкарууга жана идеяларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Үч дөңгөлөктүү унаанын ылдамдыгы 97 км/саат. Ошол эле учурда бул унаа толук автономдуу эмес, башкаруу айдоочунун колунда калат.
Долбоордун авторлору унаанын баасын 30 миң доллардан төмөн деңгээлде кармоону пландашууда. Алгачкы партиясы чектелген көлөмдө чыгарылып, өндүрүш Лос-Анджелесте уюштурулары күтүлүүдө.


