Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятПрезиденттин демилгеси менен балдарга арналган мультфильмдерди тартууга 65 млн сом бөлүндү

Президенттин демилгеси менен балдарга арналган мультфильмдерди тартууга 65 млн сом бөлүндү

Бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүндө Кыргызстандагы балдарга арналган контенттин абалы жана аны өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, кино жаратуучулар, сынчылар, сценаристтер, режиссерлор, маданият тармагынын өкүлдөрү катышып, алар балдарга арналган мультипликациялык фильмдерди жаратуудагы көйгөйлөрдү ортого салышты.

“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн башкы директору Галина Байтеректин айтымында, акыркы 25-30 жылда балдарга арналган фильмдер дээрлик тартылбай калган. Жаш муун көбүнчө ата мекендик эмес чет элдик анимацияга басым жасайт. Ошондой эле негизги көйгөй каржынын таңкыстыгына да барып такалууда.

Жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков быйыл Президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен балдарга арналган мультипликациялык фильмдерди жаратуу үчүн казынадан 65 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

“2026-жылга Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен балдарга арналган мультфильмдерди тартуу үчүн казынадан 65 млн сом бөлүндү. Бул каражат бизге чоң колдоо болуп жатат. Эгер салыштырып айта турган болсок, буга чейин жалпы кинематография тармагына 50 млн сом бөлүнүп келген. Бул жылы бир гана мультфильмдерди жаратууга ушунча чоң акча бөлүндү. Учурда улуттук баалуулуктарга, маданиятыбызга туура келген балдар контентин жаратуу үчүн Маданият министрлиги менен биргеликте Кинематография департаменти сынак жарыялаганы турабыз”, — деди Төрөбеков.

Балдарга арналган контенттерди тартуу учурунда Кинематография департаменти “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн “Байчечекей” балдар журналы менен тыгыз иштешүү боюнча макулдашышты. Ага ылайык, жаңы мультфильмдердин каармандары жаш муундарга журнал аркылуу алдын-ала тааныштырылып турат.

Ошондой эле адистер мультипликациялык жана анимациялык фильмдерди жаратууда кыргыздын маданияты, улуттук баалуулуктары, нарк-насил жана салт-санаасы эске алынып, ага өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары азыркы балдардын табити эске алынып, психолог жана тийиштүү адистер менен чогуу иш алып баруу маанилүү экендиги айтылды.

Гезит

Марат САГЫМБАЕВ: «Жасалма интеллекттин чегинде өзүбүздү табууну унутпайлы»

      Кыргызстандын медицина тармагындагы эки илимпоз-окумуштуусу жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин философиялык багытта изилдешти. Алар биргелешип жазган ири монографияда өз ойлорунун жыйынтыгын сунушташкан. Авторлордун...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар