Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятАк Илбирс көчмөндөр оюндарынын талисманы болуп тандалды

Ак Илбирс көчмөндөр оюндарынын талисманы болуп тандалды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган оюндун расмий тумары катары ак илбирс тандалды. Бул образ оюндун визуалдык жана коммуникациялык идентификациясынын маанилүү бөлүгү болуп калат.

Эл аралык катчылык бул тандоо ак илбирстин Кыргызстандын жаратылышы, тоо ландшафттары жана маданий баалуулуктары менен тыгыз байланышта экенине негизделгенин белгиледи. Тумар аркылуу уюштуруучулар өлкөнүн салттуу баалуулуктарын сактап, ошол эле учурда дүйнөгө ачык экенин көрсөтүүнү максат кылышууда.

Маалыматка караганда, тумар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги духун — кадыр-барк, гармония жана эл аралык кызматташууга болгон ачыктыкты чагылдырат. Ошондой эле ал Кыргызстан жаратылышы менен көчмөн мурастарын заманбап форматта айкалыштырган символ болуп саналат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар