Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабият“Манас” эпосу хинди тилине которулду

“Манас” эпосу хинди тилине которулду

Индиянын Нью-Дели шаарында кыргыз элинин улуу мурасы — “Манас” эпосу хинди тилине которулуп, жарык көрдү. Бул тууралуу Манас улуттук академиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, китептин бет ачары “Индия – Борбор Азия” эл аралык илимий конференциясынын алкагында өткөн. Эпосту хинди тилине которууну Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов колдоп, профессорлор Рамакант Двиведи жана Хем Чандра Пандей ишке ашырышкан.

25–26-март күндөрү өткөн конференцияга ошондой эле мурдагы элчи Ирина Оролбаева жана Назира Аалы кызы катышты.

Адистердин баамында, “Манас” эпосунун хинди тилине которулушу эл аралык маданий диалогду кеңейтип, илимий изилдөөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Гезит

Уңгужол жана илим

Адамзат тарыхына бир саам ой жүгүртүп, баам салсак, ар бир цивилизациянын пайда болушу, гүлдөп-өнүгүшү биринчи кезекте акылга, элдик билимге жана илимий чечимдерге байланыштуу болгон....

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар