“Куса” спектаклинин премьерасы болот

5-апрелде “Куса” спектаклинин премьерасы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында болот. Пьесанын автору — жазуучу жана окумуштуу Каныбек Иманалиев. Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры көрүүчүлөргө тартуулай турган спектаклди — Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, азыркы замандын таланттуу режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон, сүрөтчүсү – түрк дүйнөсүнүн мыкты театр сүрөтчүсү Садыр Ниязакунов. Премьера жаңы спектаклдын гана бет ачары эмес, бир топ жаш артисттердин да тушоо кесүүсү болмокчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз