Австралияда онлайн коопсуздук боюнча жөнгө салуучу орган балдардын соцтармактарга кирүүсүн чектөө талаптары аткарылбай жатканын билдирип, бир катар ири платформаларга каршы сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Кеп Facebook, Instagram, Snapchat, TikTok жана YouTube сыяктуу платформалар тууралуу болууда.
Австралияда кабыл алынган мыйзамга ылайык, 16 жашка чейинки балдарга соцтармактарда аккаунт ачууга жана колдонууга тыюу салынган. Бирок жөнгө салуучунун маалыматына караганда, платформалар бул талаптарды толук аткарбай жатат.
Текшерүүлөр көрсөткөндөй, айрым соцтармактарда жаш куракты текшерүүдө олуттуу кемчиликтер бар. Атап айтканда, колдонуучуларга жашын ырастоо үчүн чексиз аракет кылууга мүмкүнчүлүк берилет. Натыйжада көптөгөн өспүрүмдөр чектөөлөрдү оңой айланып өтүп жатышат.
Расмий маалымат боюнча, мыйзам күчүнө киргенден бери 5 миллионго жакын аккаунт өчүрүлгөнүнө карабастан, көптөгөн жашы жете элек колдонуучулар жаңы аккаунттарды түзүп же эскилерин сактап калууда.
Австралиянын онлайн коопсуздук боюнча комиссары Джули Инман Грант соцтармактар мыйзамды аткарбаса, ири айып пулдар жана абройго доо кетирүү сыяктуу кесепеттерге туш болорун эскертти. Айып пулдардын көлөмү 49,5 млн австралия долларына чейин жетиши мүмкүн. Ал эми байланыш министри Аника Уэллс платформалар мыйзамдын ишке ашпай калышына кызыкдар болуп, талаптарды минималдуу деңгээлде гана аткарып жатканын билдирди.


