Башкы беткеСоциалдыкБишкекте үй-бүлөлүк зомбулук жана өспүрүмдөр кылмыштуулугу талкууланды

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук жана өспүрүмдөр кылмыштуулугу талкууланды

Бишкек шаарынын прокуратурасында укук коргоо жана мамлекеттик органдардын катышуусунда ведомстволук аралык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу жана жашы жете электерге карата укук бузууларды болтурбоо маселелери каралды. Катышуучулар учурдагы абалды талдап, укук бузуулардын себептерин аныкташты.

Ошондой эле алдын алуу иштерин күчөтүү, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, тобокелдик топтогу үй-бүлөлөр менен даректүү иш алып баруу, жашы жете электердин укуктарын коргоо жана билим берүү менен социалдык кызматтардын ролун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыгында тиешелүү органдарга конкреттүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын туруктуу көзөмөлдөө милдети коюлду.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар