whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2026
9.1 C
Бишкек
Башкы бетке Маанилүү Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары аяктады

0
2497

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары жыйынтыктады.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Тяньцзинь шаарында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тин менен жолугушуп, ар тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президент Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын Кеңешинин 25-жыйынына катышып, Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ошондой эле ШКУ+ форматындагы саммитке катышып, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен пикир алышты.

Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Пекин шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты. Парадга 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары чакырылган.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кытай   Кырг Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Цай Ци менен жолугушуп, саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулады.

3-сентябрда Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз