Кытай менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү тарыхый рекорд койду

Кытайдын жакында жарыяланган расмий статистикалык маалыматтарына ылайык, 2025-жылы Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 106,3 миллиард АКШ долларына жетип, жылдык эсепте 12 пайызга өстү. Бул көрсөткүч менен тарыхта алгач ирет 100 миллиард долларлык чек ашылды.

Өзгөчө жогорку өсүш Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода алакаларында катталды. 2025-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 27,2 миллиард АКШ долларына жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. Бул — Кыргызстан менен Кытайдын соода тарыхындагы жаңы рекорд жана Борбор Азия аймагындагы эң жогорку өсүү темпи болуп калды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Кытайга импорттолгон товарлардын көлөмү 86 пайызга өсүп, эки өлкө ортосундагы соода балансы да бара-бара тең салмактуу боло баштаганы белгиленет.

Эксперттердин баамында, мындай көрсөткүчтөр Кыргызстандын Кытай менен экономикалык кызматташтыгынын сапаттык жаңы баскычка көтөрүлгөнүн, ошондой эле логистика, кайра иштетүү, айыл чарба жана өнөр жай тармактарындагы байланыштардын чыңдалып жатканын айгинелейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз