Орус журналистикасынын атасы – Н.А.Некрасов

Элдик акын, журналист

Николай Алексеевич Некрасов — орус адабиятынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, айрыкча карапайым элдин тагдырын, дыйкандардын жашоосун чеберчилик менен сүрөттөгөн «элдик акын» катары тарыхта калган. Анын эң башкы чыгармасы катары  «Орусияда ким жыргап жашайт?»  («Кому на Руси жить хорошо»)  поэмасы айтылып келет. Ал эми «Өлүк көл» («Мертвое озеро»), «Петербург чет жактары» («Петербургские углы») романдары аны жазуучу катары тааныткан. Балдар үчүн жазган «Мазай чоң ата жана коёндор» («Дедушка Мазай и зайцы») чыгармасын баарыбыз эле окуп чоңойдук окшойт.

Некрасов жазуучу жана акын гана эмес, өтө таланттуу редактор жана басып чыгаруучу болгон. Ал XIX кылымдагы орус адабиятынын эң таасирдүү эки журналын жетектеп, аларды алдыңкы деңгээлге чыгарган. Ал жетектеген “Современник” журналын 1836-жылы Александр Пушкин негиздеген. Бирок Пушкин өлгөндөн кийин ал журналды ижарага (1847) алып, аны жаңылап чыгара баштайт. Анын колунда «Современник» ошол кездеги Орусиянын эң популярдуу жана эң алдыңкы демократиялык журналына айланган.

Некрасов бул журналга Тургенев, Гончаров, Герцен, Островский, атүгүл жаш Толстойду да чакырып, алардын талантын ачкан. Кийинчерээк Чернышевский жана Добролюбов менен бирге журналды курч саясий багытка бурган. 1866-жылы падышалык өкмөт тарабынан эркин ойлорду жайылткандыгы үчүн жабылган.  Андан кийин «Отечественные записки» («Ата мекендик жазуулар») журналын (1868-жылы) ижарага алып, өмүрүнүн акырына чейин (1877-ж.) жетектеген. Бул жерде ал Салтыков-Щедрин жана Елисеев менен бирге иштешкен. Журнал мурунку «Современниктин» жолун жолдоп, элдин мүдөөсүн, дыйкандардын көйгөйлөрүн көтөрүп чыккан. Ал таланттуу жазуу-чуларды таап, аларга жакшы калем акы төлөп, ошол кездеги коомдук ой-пикирди калыптандырган. Ошондуктан аны «орус журналистикасынын атасы» деп да аташат. Николай Некрасов чынында эле абдан кызыктуу инсан болгон – ал бир эле учурда назик акын, журналдарын сактап калыш үчүн таш боор бизнесмен жана карапайым элдин таламын талашкан күрөшчү болгон.

Өмүр жолунан

Гимназиянын бешинчи классында окуп жүргөндө эле тамеки менен таанышып калган Коля Некрасов  университетке тапшыруу үчүн каары катуу атасынан качып Санкт-Петербургга келет. Атасы буга ачууланып, аны таза акчасыз калтырат. Акыркы тыйындарына экзаменге керек болгон латын тилинен сабак алат. Мугалими аны сүлгү менен байланган халатчан кабыл алып, өзү сабак учурунда арак иччү. Акчасы түгөнүп, сабактар токтоп, Некрасовду ижарага алган бөлмөсүнөн кууп чыгышып, көчөдө селсаяк болуп калат.

Чоң шаарда адашкан, эч кимге кереги жок, эч кимди кызыктырбаган айылдан келген 14 жашар бала –  кайда бармак? Ал шинелин, өтүгүн жана болгон китептерин сатат. Мүлкүнөн бир гана жатканга килемчеси, жаздыгы калып, ар кайсы жер төлөдө, аракечтер менен бир бөлмөдө жашайт. Үй ээси бүргөлөрдү өлтүрүү үчүн анын керебетине кайнак суу куюп турчу. Кийинчерээк аны бир студент баш калкалатат, экөөнүн бир эле өтүгү болгондуктан, сыртка кезектешип чыгышчу.

Ал кара жумушчу, журналист болуп иштеп, тыйын табыштын жолун үйрөнөт. Театр үчүн француз тилин билбей туруп, француз пьесасын которот. Бара-бара типографияларды жана арзан кагазды кайдан алууну билген майда басмачыга айланат. Анекдоттор топтомун жана бийлер тууралуу китепчелерди чыгарат. Ошентип, ал кедейчиликтен суурулуп чыгат, бирок анын жан дүйнөсүндө бактысыз, кордолгон, кедей жана үмүтсүз адамдар үчүн болгон кайгы түбөлүккө сакталып калып, чыгармаларында чагылдырылган. Некрасов журналын сактап калуу үчүн бардыгына барган. Ал жандармдардын башчысын, министрлерди жана сенаторлорду жеке таанычу. Бирок анын жанында башка адамдар да бар эле — аны менен бирге «Современник» журналын редакциялаган (ал кезде «редижирование» дешчү) эки жаш досу болгон. Добролюбов төрт жылдык жалындуу эмгектен кийин 25 жашында каза болгон. Чернышевский болсо редакторлук орунду түрмө камерасына алмаштырып, өмүрүнүн жыйырма бир жылын каторгада жана сүргүндө өткөргөн. Алардын портреттери Некрасовдун кабинетинде илинип турчу.

Бул кубарган, эрте чачтары түшкөн, ийилген муруттуу жана сакалдуу киши байыгандан кийин абдан кенен, бай жашаган. Анын үйү бир эле учурда редакция да болчу. Ал жерде Некрасов өзү аңчылыкта атып келген беш аюунун кеби (чучелосу) турчу. Бөлмөлөрүнүн биринде бильярд бар эле. Ошол жерде эле Некрасовдун ойгонушун күтүп авторлор жүрүшчү; аларды ойгонгондо төшөктө колун башына жаздап жаткан калыбында уктоочу бөлмөсүндө кабыл алчу. Сүйлөп жатканда сакалын кармалап, баарына «ата» («отец») деп кайрылчу.

«Угуңузчу, ата, мен сиздин романыңызды окуп чыктым». «Атыңыз ким эле, ата, күнөөм бар, унутуп калыптырмын». Бул анын төл сөздөрү эле. Адамдар тарап, күндүзгү редакциялык убаракерчиликтер менен адабият тууралуу сөздөр бүткөндө, Некрасовдун таптакыр башка жашоосу баштала турган. Ал ром кошулган ваннага түшүп алып, карта ойногону кетчү. Ал тукумунан бери картачы болгон: анын чоң атасы, таятасы жана атасы байлыктарынан ажыраганча карта ойношчу.

Орус акындарынан эч ким андай акча тапкан эмес

Орус акындарынын ичинен эч ким Некрасовдой акча тапкан эмес. Өмүр бою жазган ырлары ага кырк миң рубль киреше алып келсе, ал бир кечте картадан кырк миң рубль утса, анча ыраазы болбой, муну “ийгиликсиздик” деп эсептечү. Ал Петербург ичинде көк тор менен шөкөттөлгөн, капкара аттар чегилген кымбат арабада жүрчү. Уткан акчаларын күзгү астындагы кутуга салып, кийин ал жерден санабай эле алып турчу. Ал жаш жазуучуларга акча таратчу, жазыла элек чыгармалар үчүн алдын ала акы төлөчү жана кимди жолуктурса да, биринчи болуп: «Сизге акча керекпи?» – деп сурачу. Гаврила аттуу киши аркылуу муктаж болгон адабиятчыларга атын атабай (анонимдүү) акча жөнөтүп турчу. Ошондой эле, аны шылдыңдап жазган сатирикке да анонимдүү түрдө акча берчү, анткени ал кедей, оорулуу жана эки баласы бар эле «Балдарынын, аялынын эмне күнөөсү бар?» деп койчу.

Некрасов мезгил-мезгили менен Петербургдан жоголуп турчу – Орусиянын түпкүрүнө, аюулуу токойлорго, жапайы өрдөктүү саздарга чыгып кетчү. Көп күндүк аңчылыкка дыйкан-аңчылардын коштоосунда, тамак-аш, кошумча шаймандар жана тыныгуу учурунда дайым жол боюна салынуучу килемдер жүктөлгөн, үчтөн ат чегилген, беш ат араба менен чыкчу. Жолдон өткөн-кеткендин баарын токтотуп, тамак берип, суусундук ичирчү. Кышында аңчылыкка карышкырдын терисинен тигилген тон кийчү. Аюуну курчоого алуу үчүн жүздөгөн дыйкандарды жалдап, жолундагылардын баарына: эркектерге, алардын балдарына, ага квас алып чыккан аялдарга, турмуштан окуяларды айтып берген карыяларга акча таратчу.

«Современник» жана «Отечественные записки» журналдары анын иши жана анын тарткан азабы эле. “Ал өзүн алсыз адам деп эсептечү, бирок бул алсыз адамдын жан дүйнөсү башкалардын ушунчалык чоң кайгысын жана азабын батыра алчу, буга атүгүл балбандардын да күчү жетмек эмес. Ал ачкалыктан алсыраган жүздөрдү, кар үстүндөгү чарыктарды, байлардын эшигинен швейцарлар кууп чыккан дыйкандардын кордолгонун көрдү; акмактардын чексиз бийлигин, адамдардын мазакталышын, алардын басынтылышын жана чексиз кедейлигин көрдү. Анын ырларындагы Орусия так ушундай болчу. Анын бардык ырлары — жан дүйнө оорусу эле” деп жазылат ал тууралуу эскерүүлөрдө.

Ал өзүн алсыз деп эсептегени менен, бүтүндөй бир элдин муң-зарын «Орусияда ким жыргап жашайт?” деген поэмасында чагылдырып кетти, ошонусу менен “Элдик акын” наамын элден алды десек  болот.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз