Ашуулардагы абал: каттам үзгүлтүксүз, жолдор кардан тазаланууда

Бүгүн, 23-январга карата республикалык маанидеги унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайы бүркөк болгону менен жол ачык жана унаа кыймылы тоскоолдуксуз уланууда.

Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар жаап жаткандыгына карабастан, жол ачык. Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда да күн бүркөк болуп, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында кар жаап жатканына карабай, жол кыймылы нормалдуу тартипте уланууда. Ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатканы менен каттам бар.

Транспорт министрлиги айдоочуларды кышкы жол шарттарын эске алып, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонууга, зарыл болгон шаймандарды ала жүрүүгө жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз