23–24-апрелиндеги туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
23–25-апрель күндөрү жаан-чачындын көбөйүшү жана абанын температурасынын жогорулашы кар көчкү коркунучун жаратат. Айрыкча Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 326–349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол–Эңилчек унаа жолунун 70–90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу сунушталат.
23-апрелде республика боюнча көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге чейин жетип, айрым аймактарда 15–20 метрге чейин күчөшү ыктымал.
Жарандарга аба ырайынын шарттарын эске алып, коопсуздук чараларын сактоо сунушталат.
