ӨКМ эскертет: 15–19-апрелде кар көчкү жана сел коркунучу бар

Бишкек — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2026-жылдын 15–19-апрель күндөрүнө карата шашылыш эскертүү таратты.

Маалыматка ылайык, жаан-чачындын көбөйүшү жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт. Айрыкча төмөнкү унаа жолдорунда кооптуу абал күтүлөт:

  • Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол–Эңилчек унаа жолунун 70–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).

Бул тилкелерде кар көчкү, кар күрткүсү болуп, жолдор тайгак жана муздак болушу мүмкүн. Айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Мындан тышкары, 15-апрелдин экинчи жарымынан тартып 16–17-апрелге чейин туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошондой эле министрликтин маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Куткаруу кызматтары 4 жолу чыгуу жасаган.

15-апрелге карата аба ырайы:

  • Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолордо кар жаайт;
  • Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт;
  • тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот;
  • батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетет.

ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз