Бакыт Төрөбаев энергетика тармагындагы инвесторлор менен жыйын өткөрдү

Бакыт Төрөбаев төрагалыгы алдында энергетика тармагындагы инвесторлор, өнөктөштөр жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жыйын өттү.

Жыйында акыркы жылдары өлкөдө электр энергиясын керектөө кыйла өскөнү белгиленди. Акыркы беш жылда керектөө 25%дан ашып, 2020-жылдагы 15,4 млрд кВт/сааттан 2025-жылдын аягына карата 19,3 млрд кВт/саатка жеткен.

Ошол эле учурда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү суроо-талаптын өсүшүнөн артта калып жатканы айтылды. Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинети тарабынан мурда жактырылган энергетикалык инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жыйындын негизги темасы болду.

Талкуу B2B форматында өтүп, инвесторлор менен мамлекеттик органдардын ортосунда түз байланыш түзүлдү. Анда күн, шамал жана гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырып жаткан компаниялардын көйгөйлөрү каралды.

Жыйында Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү чаралары белгиленди.

Бакыт Төрөбаев энергетика тармагындагы инвесторлордун өлкө экономикасына кошкон салымы маанилүү экенин белгилеп, айрым компаниялар милдеттенмелерин өз убагында аткарбай жатканы кабыл алынгыс экенин айтты.

Анын айтымында, учурдагы керектөө темпи сакталса, 2030-жылга карата электр энергиясына болгон суроо-талап 25 млрд кВт/саатка жетиши мүмкүн. Бул шартта өлкө үчүн негизги милдет — энергия тартыштыгын азайтуу жана тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер менен кызматташуу ачык бойдон калаары белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз