Кыргызстанда керектөө баалары жыл башынан бери 3,3% өстү

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанда керектөө баалары өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 3,3%га жогорулады.

Баалардын өсүшүнө негизинен азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөр таасир эткен. Тактап айтканда, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 4,3%га жогоруласа, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки продукциясы 3,1%га кымбаттаган. Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баасы дээрлик өзгөргөн жок — 0,5% гана өсүш катталган. Ошол эле учурда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 5,3%га чейин жогорулады.

Өлкө боюнча баалар бардык аймактарда өскөнү менен, алардын ылдамдыгы ар башка болду. Эң жогорку өсүш Ош облусу аймагында катталып, 7,2%ды түздү. Бул жерде кызмат көрсөтүүлөр 12,3%га, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 5,4%га, ал эми азык-түлүк эмес товарлар 5,5%га кымбаттаган.

Ошондой эле Ысык-Көл облусу аймагында алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциясынын баасы өзгөчө өсүп, 6,5%га жогорулаганы байкалган.

Адистердин баамында, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана азык-түлүк бааларынын өсүшү инфляциянын негизги факторлорунун бири болууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз