Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, 20–21-апрель Баткен шаарында “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы уюштурулат.
Иш-чаранын негизги максаты — Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн дүйнөлүк деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланыштарды чыңдоо жана достук мамилелерди бекемдөө.
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн кол өнөрчүлөр жана өнөрпоздор катышат. Иш-чаранын алкагында ар түрдүү кароо-сынактар өткөрүлүп, катышуучулардын чеберчилигин эл аралык калыстар тобу баалайт.
Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулуп, өнөрпоздор элдик ырларды жана музыкалык аспаптарды жандуу аткаруу боюнча күч сынашат.
Сынактардын жеңүүчүлөрүнө 10 миң сомдон 30 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар каралган.
Белгилей кетсек, “Айгүл гүлү” фестивалы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен туризмди өнүктүрүү максатында бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет.
Айгүл гүлү Кыргызстанда Баткен облусундагы Айгүл-Таш тоосу аймагында гана өсөт. Бул сейрек кездешүүчү өсүмдүк 1978-жылы СССРдин Кызыл китебине киргизилген.
Мындан тышкары, 2023-жылы Айгүл Тоо ботаникалык коругу аймагына кирүүгө чектөө киргизилип, анын мөөнөтү 2030-жылга чейин узартылган. Бул чара уникалдуу гүлдү сактоо жана көбөйтүү максатында кабыл алынган.
