Бишкектеги С. А. Чуйков атындагы мемориалдык үй-музейде белгилүү сүрөтчү Валерий Руппельдин «Рисунок – Портрет» аттуу көргөзмөсү өттү. Иш-чара шаар күнүнө карата уюштурулуп, көрүүчүлөргө көмүр менен тартылган портреттер сунушталды.
Экспозицияда салттуу сүрөт тартуу ыкмасы менен заманбап технологиялардын айкалышы көрсөтүлүп, сүрөтчүнүн эмгектери аркылуу адамдын ички дүйнөсү жана заманбап коомдун образы чагылдырылды.
Көргөзмөнүн ачылышына Арман Момаханова, Асел Салыбекова, ошондой эле чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, Валерий Руппель 1948-жылы туулган, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Анын эмгектери Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда сакталууда.
Бул көргөзмө салттуу искусство менен заманбап визуалдык практикаларды айкалыштырган маанилүү маданий окуялардын бири болуп калды.
