2026-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда тирүү малдын тышкы соодасында ири мүйүздүү малды импорттоо кескин кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Эки ай ичинде өлкөгө 2 миң 902 баш бодо мал алып келинген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болгону 25,8 пайызды түзөт. Бардык мал Орусиядан импорттолгон.
Жылкы, эшек жана качырларды алып келүү да азайып, жалпысынан 651 баш болгон. Ал эми үй канаттуулары боюнча көрсөткүч туруктуу сакталып, өлкөгө 261 миң 800 баш куш киргизилген.
Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга мал экспорттоону улантууда. Эки айда коңшу өлкөгө 6 миң 588 баш бодо мал чыгарылган. Ошондой эле 165 жылкы экспорттолгон.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2025-жылдын август айынан бери мал экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Чектөө ички рынокто эт баасын турукташтыруу максатында киргизилген. Учурда малды өлкөдөн квота аркылуу гана чыгарууга уруксат берилет.