Башкы беткеРубрикаларАймактарӨлкөдө күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкөдө күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда түн ичинде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 02:28де катталган. Очогунун жайгашкан жери — Талас кырка тоосу: Чакмак-Суу айылынан 23 чакырым түндүк-батышта, Башкы-Туш айылынан 25 чакырым түндүктө, Талас шаарынан болжол менен 85 чакырым түштүк-батышта.

Титирөөнүн күчү Чакмак-Сууда 5,5 балл, Башкы-Теректе 5 балл болуп сезилген. Ошондой эле Кара-Сай, Кек-Сай, Шекер, Кайнар, Чоң-Кара-Буура, Бакай-Ата айылдарында 4,5 баллга чейин жетсе, Таласта 4 баллдык термелүү катталды.

Кырсыктын кесепети тууралуу кошумча маалыматтар азырынча берилген жок.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар