whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятАбдыганы ЭРКЕБАЕВ: "Адамгерчиликтүү, чынчыл адам эле"

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ: «Адамгерчиликтүү, чынчыл адам эле»

Мен Мелис Абакировду жаш (студент, аспирант) кезимден билип калдым. Өзүм да ал киши сыяктанып адабий чыгармачылыкка эрте аралашканымдан улам, жазган макалаларымды Мелис ага иштеп жүргөн «Советтик Кыргызстан» газетасына алпарчумун, кийин ал басма ишине өтүп, редактор жана ар кайсы басмаларда, мамлекеттик басма комитетинде жетекчи кызматтарда жүргөнүндө учурашып, кай бир көркөм чыгармаларга пикир (рецензия) жазып, ошого калем акы алчумун.  

Москвада аспирантурада окуп жүргөнүмдө жайында Фрунзеге эс алууга келсем жолугуп: «Ой Абдыке, келип калдыңбы? Жүр, чай ичелик», – деп эки-үч курдай сыйлаган жайы эсимден кетпейт. Ал түз сүйлөгөн, ак көңүл, шайыр адам эле. Талапты, жоопкерчиликти да жогору койчу. Артыкбаш кыргызчылыкты жактырчу эмес.

Кийин замана, шарт өзгөрүп, мен 1991-жылы Басма сөз жана маалымат министри болуп дайындалып, кийинки жылы өкмөткө өөдөлөп кеткенге чейин чогуу иштешип калдык. Мен Мелис акени түздүгү, чынчылдыгы, тажрыйбасы үчүн сыйлап кээде чакырып, акылдашып турчумун.

Андан кийин мен кайрадан ар түрдүү жооптуу мамлекеттик кызматтарга көтөрүлүп, шартка жараша Мелис аке менен жолугушуп турганга мүмкүнчүлүк болбоду. Илимдер Академиясына жетекчилик кызматка келгенимден кийин ал жерде, улуттук университетте өткөн ар кайсы жыйындарда кайрадан жолугушуп, сүйлөшүп жүрдүк. Акыркы жолугушуубуз – анын 80 жылдыгына арналган сый кечеси («Достук» мейманканасында) болду окшойт. Кече абдан жакшы, көңүлдүү, жыйнактуу өттү. Өкүнгөнүм – ал андан көп убакыт өтпөй, оо дүйнө салды. Чыгармачылыгы жөнүндө учкай сөз кошпосом болбос. Совет мезгилинде жарыяланган «Алмалуу бак», «Алчалуу төр» аталган повесттерин окуп, башкалар сыяктуу эле кубангам. Кыргыз жеринин кооздугу, карапайым мээнеткеч адамдардын дүйнөсү, экология маселелеринин курчуй баштаганы ал чыгармаларда кылдат көрсөтүлгөн эле. Акыркы аңгеме-эссеси кыргыздын көрүнүктүү уулдарынын бири, көп жылдар бою Кыргызстан профсоюздар федерациясынын башчысы болгон Эмил Абакиров жөнүндө экен. Мен да бул киши менен далай жылдар жакын мамиледе жүргөм. Өтө өкүнүчтүүсү – Мелис Абакиров да агасы сыяктанып токсонду ары тоголотуп жашаса болмок. Ажалга айла жок тура. Эми ага-ини тиги дүйнөдө бейиште бирге болсун дейли, алардын элге кылган эмгегин, ак кызматын эстей жүрөлү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар