Чоң-Алайда өзгөчө асыл тукум топоздору багылууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан демилгеленген «30+20+10» долбоору региондордо мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө.

Долбоордун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Жар-Башы айылында жайгашкан «Наркул» асыл тукум топоз чарбасы этап-этабы менен кеңейип, туруктуу өнүгүүдө. Учурда чарбада жалпы 320 баш асыл тукум топоз багылууда.

Чарба толук материалдык-техникалык база менен камсыздалган. Анда сарай, бастырма,  сеновал жана дан сактоочу жайлар бар.

Мындан тышкары, «Наркул» чарбасы мал чарбасын кеңейтүү жана өндүрүштү күчөтүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана ветеринардык кызмат менен тыгыз кызматташууда.

Чарба жетекчиси Патаевдин айтымында, адистердин үзгүлтүксүз консультациясы жана колдоосу иштин ийгиликтүү жүрүшүнө өбөлгө түзүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз