11-декабрь – Эл аралык Тоолор күнү. Бул күн 2003-жылдан бери
БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен белгиленип келет. Бул демилгенин башатында Кыргызстан тургандыгын сыймыктануу менен айта алабыз. Кыргызстандын максаты дүйнөгө коңгуроо кагып – тоолуу аймактардагы экосистемаларды коргоо, климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту күчөтүү жана тоолордун глобалдык маанисин эске салуу болгон.
Эл аралык Тоолор күнүнүн тарыхы Кыргызстан менен тыгыз байланышта. 2002-жыл Кыргызстан сунуштаган демилгенин негизинде БУУ тарабынан Эл аралык Тоо жылы деп жарыяланып, дүйнө коомчулугунун тоолорду сактоо маселесине көңүлүн бурууда бурулуш учур болгон. Ошол эле жылы Бишкек шаарында дүйнөдөгү алгачкы Тоолор боюнча глобалдык саммит өткөрүлүп, ага ондогон мамлекеттердин өкүлдөрү катышкан. Саммиттин жүрүшүндө «Бишкек тоо платформасы» кабыл алынып, анда тоолорду туруктуу өнүктүрүү, ресурстарды коргоо, климаттык өзгөрүүлөргө каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча эл аралык принциптер жана милдеттенмелер белгиленген.
Бул документ тоолордун глобалдык маанисин дүйнөгө таанытып, эл аралык саясаттын өзүнчө багыты катары “Mountain Agenda” – тоолор күнүн белгилөө тартибин калыптандырган. Ошол жылдан тартып БУУ 11-декабрды Эл аралык Тоолор күнү деп бекитип, жыл сайын дүйнө мамлекеттерин тоолордун экологиялык, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана алардын туруктуу өнүгүүсү боюнча биргелешип аракеттенүүгө чакырып келет.
Эми Кыргызстанда өтөт
Кыргызстандын бул тармактагы лидерлиги бүгүн да уланууда. Башкача айтканда, Кыргызстан 2027-жылы экинчи Глобалдык Тоо Саммитин өткөрөт. Бул иш-чара 2002-жылы Бишкекте өткөн биринчи саммиттин 25 жылдыгына карата “Бишкек +25” формасында уюштурулууда. Саммиттин негизги максаты – дүйнөдөгү тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча жаңы глобалдык күн тартибин түзүү, климаттык өзгөрүүлөрдүн тоолорго тийгизген таасирин талкуулоо жана мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин күчөтүү. Ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, экологдор жана эксперттер катышары күтүлүүдө. Кыргызстан экинчи жолу дүйнөлүк деңгээлдеги саммитти кабыл алып, тоолорду сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча өз лидерлигин көрсөтөт.
Серепчилердин айтымында бул климаттык туруктуулук, суу жана биология-лык ресурстарды коргоо, туризм жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу багытындагы стратегиялык диалог үчүн маанилүү. 2027-жылдагы саммиттин чечимдери Борбор Азиянын тоолуу аймактарынын келечегине жана глобалдык климат саясаттарына түздөн-түз таасир этет. Мындан тышкары, Кыргызстан бул саммит аркылуу тоолорду коргоодо жана экологиялык туризмди өнүктүрүүдө эл аралык тажрыйба жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн да күчөтөт.
Кыргызстан – тоолор өлкөсү
Тоолор – адамзаттын жашоосу үчүн стратегиялык ресурстарды камсыздаган уникалдуу экосистема. Алар таза суунун, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана азык-түлүк коопсуздуктун негизги булагы болуп саналат. Кыргызстан үчүн болсо, тоолор – бул географиялык мейкиндик гана эмес, улуттук өзгөчөлүктүн, маданияттын жана экономиканын өзөгү.
БУУнун расмий сайтындагы маалыматка караганда, тоолор жер шарындагы кургактыктын 22%ын ээлейт. Тоолуу райондордо дээрлик бир миллиард эл жашайт. Планетанын калкынын жарымынан көбү тоолордогу энергетикалык жана азык-түлүк ресурстарынан көз каранды. Дүйнөдөгү ичүүчү таза суунун 60/80% тоолордо куралат. Ошондой эле, тоолор азык-түлүктүн эң маанилүү болгон жыйырма түрүнүн алтоосунун мекени болуп саналат.
Кыргызстанда мамлекеттин жалпы аймагынын 90/94%дан ашыгы тоолордон туруп, дээрлик бардык аймактары деңиз деңгээлинен 500 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. Бул географиялык өзгөчөлүк Кыргызстанды дүйнөдөгү эң тоолуу мамлекеттердин бири гана кылбастан, глобалдык экологиялык сис-темалар үчүн да маанилүү аймакка айлантат. Тоолор өлкөнүн климатын, суу ресурстарын, биологиялык ар түрдүүлүгүн жана жергиликтүү калктын жашоо образын түзүп турат. Мындан тышкары, тоолуу аймактар экологизмге негизделген туризм, айыл чарба, ГЭС энергиясы жана дары-дармек сырьелору үчүн маанилүү база болуп саналат.
Өлкө аймагы негизинен тоолордон тургандыктан, суу ресурстары, айыл чарбасы, жайыттар, энергетика жана туризм толугу менен тоо экосистемаларына көз каранды. Мөңгүлөр – Борбор Азиянын негизги суу резерви. Алардын абалы аймактагы миллиондогон адамдардын суусуз калуу же калбоосун аныктайт.
Мөңгүлөрдү, ак илбирсти сактоо аракеттери
Кыргызстан климаттык туруктуулук, мөңгүлөрдү коргоо, ак илбирсти сактоо жана тоолуу аймактардагы жашоону жакшыртуу боюнча эл аралык демилгелердин катышуучусу катары — мөңгүлөрдү жана ак илбирсти коргоо боюнча активдүү аракеттерди жүргүзүп келет.
2025-жылы Ысык-Көл жана Нарын аймагында илбирсти коргоо максатында коридор түзүлүп, бир нече мамлекеттик коруктар менен байланыштырылган. Snow Leopard Foundation программасы айыл тургундарын илбирсти коргоого тартып, браконьерчиликке каршы экономикалык стимулдары менен колдоого алып келет. 2024-жылы Кыргызстан менен Казакстан Түндүк Тянь-Шань аймагындагы илбирс-ти коргоо боюнча биргелешкен макулдашууга кол коюшкан.
Өлкөбүз мөңгүлөрдү коргоо багытында да активдүү аракеттерди көрүп келүүдө. Быйылкы жылы “7 млрд. дарак отургузуу” демилгеси башталып, мөңгүлөрдүн эрүүсүн жайлатуу, сел жана эрозия коркунучун азайтуу үчүн тоолуу аймактарда дарак отургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул кадамдар экосистеманы сактоого, суу ресурстарын туруктуу пайдаланууга жана жергиликтүү калк-тын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
Экологиялык чакырыктар
Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн тез эриши, кар катмарынын азайышы жана кургакчылык дүйнөлүк суу балансын солкулдатууда. Тоолордун деградациясы – токойлордун кыйылышы, жайыттардын ашыкча пайдаланылышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы – жергиликтүү калктын жашоо сапатына түздөн-түз
таасир этет.
Кыргызстанда да акыркы 30 жылда мөңгүлөрдүн көлөмү кескин кыскарып, суу тартыштыгы айрым аймактарда олуттуу көйгөйгө айланууда. Табигый кырсыктардын – сел, жер көчкү, кар көчкүлөрдүн – саны да жыл сайын өсүүдө.
Тоо тууралуу – тоодой билим керек
Кырсыктардын алдын алуу, мөңгүлөрдү коргоо, ак илбирсти сактоо, экотуризмди өнүктүрүү – тоолордун келечегин камсыздоо үчүн тоо экосистемаларын изилдеген улуттук илимий борборлорду күчөтүү, мөңгүлөрдү сак-тоого багытталган эл аралык долбоорлорго активдүү катышуу, климатка туруктуу экономика – экотуризм, органикалык айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү зарыл.
Тоолор тууралуу билим берүүнү мектеп жана ЖОЖ программаларына киргизүү, ошондой эле суу ресурстарын башкарууда инновациялык технология-
ларды колдонуу – келечек муундар үчүн туруктуу жашоо чөйрөсүн түзүүдө маанилүү кадамдар.
Эл аралык Тоолор күнү – бул майрам гана эмес, планета жана мамлекеттер үчүн эскертүү. Тоолорду сактоо – суунун, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана келечек муундардын жашоо сапатынын кепилдиги, ошондой эле Кыргызстан үчүн экономикалык, маданий жана жашоо мейкиндиктерин коргоонун негизи болуп саналат.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
Кыргыз Туусу”


