Германиянын Фридрих Лёффлер институту (FLI) кыргызстандык айыл чарба адистери үчүн окутуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Жалпы бюджети 450 миң евро болгон долбоор 2024–2026-жылдары ишке ашырылып, Германиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланат. Негизги багыт — айыл чарба, жапайы жаныбарлар жана адамдар арасында кездешкен бруцеллёзду аныктоо жана диагностика кылуу. Адистер ДНКны секвенирлөө сыяктуу заманбап ыкмаларды үйрөнүшөт.
Долбоор алкагында Токмок аймагында мобилдик мониторинг жүргүзүлүп, өлкөнүн түндүгүндө биокөзөмөл системасы күчөтүлөт. Жыйынтыгында илимий маалыматтар жарыяланмакчы.
Мындан тышкары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Жаш ветеринар” программасын ишке киргизип, алыскы аймактардагы адис тартыштыгын жоюуну көздөйт. Азыркы учурда өлкөдө 639 мамлекеттик жана 1145 жеке ветеринар адис эмгектенет.