Түштүк Израиль аймагындагы жээктердин биринен жоголуп бара жаткан ири деңиз жаныбары — кашалоттун өлүгү табылды. Мындан тышкары, Герцлия аймагындагы жээктен гигант тери таш бакасынын сөөгү аныкталган.
Окуя илимпоздордун көңүлүн буруп, изилдөөгө Хайфа университети киришти. Адистер кашалоттун өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзө турганын билдиришти. Алгач жаныбардын сырткы үлгүлөрү алынды.
Эл аралык жаратылышты коргоо союзу (IUCN) берген маалыматка ылайык, Жер Ортолук деңизиндеги кашалоттордун популяциясы океандагы топтордон обочолонгон жана алардын саны 2500дөн ашпайт. Дүйнөлүк масштабда бул түр «алсыз» (уязвимый) категориясына кирет.
Кашалотторго негизги коркунучтар төмөнкүлөр:
- башка балыктарды кармоо үчүн коюлган торлорго илинип калуу;
- мунай жана газ кендерин чалгындоо иштеринен чыккан ызы-чуу жана булгануу;
- пластикалык калдыктарды жутуп алуу.
Кашалот — тиштүү киттердин эң ириси. Денесинин узундугу 20 метрге чейин жетет. Эркектеринин салмагы 40 тоннага чейин барса, ургаачылары болжол менен эки эсе жеңилирээк болот.
XIX–XX кылымдарда кашалоттор баалуу спермацет заты үчүн массалык түрдө аңчылыкка кабылып, дээрлик жок болуп кетүү коркунучуна туш болгон. Ал зат мурда май шамдарда, лампаларда жана майлоочу каражаттарда колдонулган.
Соңку окуя деңиз экосистемасын коргоо жана жоголуп бараткан жаныбарларды сактоо маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.

