Лувр музейинин директору кызматтан кетти

0
1831

Лоранс Де Кар Лувр музейинин директорлук кызматынан кетүү тууралуу арыз берди. Бул тууралуу 24-февралда Елисей сарайы маалымдады. Эммануэль Макрон анын отставкасын кабыл алып, муну «жоопкерчиликтин актысы» деп баалады. Жаңы директор ким болору азырынча айтыла элек.

Le Figaro басылмасына берген маегинде Де Кар музейди жаңылоо жана модернизациялоо жолундагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирген. Анын айтымында, төрт жыл ичинде Луврдун өнүгүүсүнө жаңы дем берген.

Лоранс Де Кар бул кызматта 2021-жылдын сентябрынан бери иштеп келген.

Анын кызматтан кетиши 2025-жылдын 19-октябрындагы чуулгандуу окуядан кийин болду. Анда беткапчан кылмышкерлер Луврга күндүз кирип, императордук коллекциядан тогуз экспонатты уурдап кетишкен. Уурдалган баалуу буюмдардын арасында Наполеон менен анын жубайы Жозефинага таандык зер буюмдар болгон. Келтирилген зыян 88 миллион евро деп бааланган. Бул иш боюнча төрт адам кармалганы менен зер буюмдар азырынча табыла элек.

Белгилей кетсек, уурулуктан кийин Де Кар кызматтан кетүү арызын берген, бирок анда президент Макрон анын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз