Мекенчил…

0
2839

Акын, публицист жана коомдук ишмер Дмитрий Дарин – орус поэзиясынын белдүү өкүлдөрүнүн бири катары белгилүү.

Ыр жазат, публицистика менен шугулданат. Алган темалары: мекенчилдик, тарых, руханий баалуулуктар, коомдук маселелер. Анын чыгармалары адабий кечелерде жана маданий иш-чараларда көп окулат. Айрым макалалары жана ырлары орусиялык басылмаларда жарыяланган.

Дмитрий Дариндин поэзиясында мекенге болгон сүйүү, тарыхый эстутум жана салттуу баалуулуктар негизги орунду ээлейт. Ал орус маданиятын жана руханий мурастарды даңазалаган чыгармалары менен белгилүү.

Жазмакерликтен тышкары, ал айрым маданий жана коомдук уюмдар менен кызматташып, патриоттук багыттагы долбоорлорго катышып
келет.

Дмитрий Дариндин поэзиясы тууралуу пикирлер ар түрдүү, анын ырлары мекенчилдик жана руханий темаларды терең чагылдырганы үчүн колдоого алынат. Айрым адабиятчылар аны заманбап орус патриоттук поэзиясынын өкүлү катары мүнөздөшүп, салттуу поэтикалык формага жана классикалык интонацияга ыктаганын белгилешет. Анын ырлары – патриоттук жана тарыхый темаларды жактырган окурмандар арасында популярдуу. Адабий кечелерде чыгармалары жылуу кабыл алынганы да анын ырларындагы мекен темасы.

Дариндин поэзиясынын өзөгүн ички дүйнө, инсандык абал, жалгыздык, сүйүү, руханий издөө сыяктуу негизги темалар түзөт. Акын сырткы окуяларды сүрөттөөдөн көрө, адамдын жан дүйнөсүндөгү абалды, кыймыл-аракетти алдыңкы планга чыгарат. Ырлар көбүнчө суроо коюу формасында өнүгүп, окурманды ой жүгүртүүгө чакырат. Дариндин лирикалык каарманы – сезимтал, ойчул, өзү тууралуу жана дүйнө жөнүндө күмөн саноого даяр инсан.

Анын каарманы көбүнчө жалгыз, бирок ал үчүн жалгыздык трагедия эмес, өзүн таанып-билүүнүн шарты катары берилет.

Дарин көбүн эсе символдорду колдонот. Көп кездешкен образдар: түн, жамгыр, жол, күз – бул өткөөл абалдын символу. Үнсүздүк – ички сүйлөшүүнүн белгиси, Жарык/көлөкө – руханий абалдын өзгөрүшү.

Бул образдар декоративдүү эмес, функционалдуу, башкача айтканда,
идеяны ачууга кызмат кылат.

Акындын тили: метафорага бай, бирок ашыкча татаал эмес, эпитеттер аз, бирок так. Кайталоо (анафора, рефрен) – ички ритмди күчөтүү үчүн колдонулат. Салыштыруулар көбүнчө күтүлбөгөн, бирок логикалык жактан негиздүү.

Дарин классикалык салттуу формага байланбайт. Көп ырлары эркин уйкаштыкта, ички ритмге таянган, ойдун агымы менен өнүккөн структурада жазылган. Ошол үчүнбү бир учурда эле которгонго жеңил да, оор да.

Композиция көбүнчө айлампа мүнөзгө ээ: башталган ой акырында башка деңгээлде кайра кайрылат. Стилине келсек, акындын ырлары  – интеллектуалдык лирика. Тили заманбап, жалпак тил менен жазат, ашыкча пафос жок.

Ошентип, жалпысынан Дариндин поэ-зиясына сезимге эмес, ойго таянган, тез окулуп, бирок узакка ойлонткон, лирикалык ички психологизмге бай ырлар катары баа берсек болот.

Айрым сынчылар анын поэзиясын идеялык багыты күчтүү, публицистикалык мүнөзгө жакын деп баалашат. Бул да туура. Мунун өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мекенчил саптар сөзсүз түрдө учур жыттанып турат, ансыз таптакыр мүмкүн эмес. Заманбап эксперименталдык поэзияга салыштырмалуу стили салттуураак деп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, Дмитрий Дариндин чыгармачылыгы көбүнчө идеялык мазмуну жана мекенчилдик темасы менен бааланат.

Эгер Дмитрий Дариндин ырларын Сергей Есениндин ырлары менен салыштырып карасак, окшош жактары бар: мекенге жана улуттук баалуулуктарга басым жасоо, салттуу поэтикалык ыргак, түшүнүктүү тил. А айырмасы – Есенин көбүнчө лирикалык, табият жана жеке сезимдерге басым жасайт. Даринде коомдук-саясий жана идеялык мотивдер көбүрөөк байкалат.

Мисал келтирсек, Есенинде:

Гой ты, Русь моя родная,

Хаты — в ризах образа…

Не видать конца и края —

Только синь сосет глаза.

Как захожий богомолец,

Я смотрю твои поля.

А у низеньких околиц

Звонко чахнут тополя.

 

Пахнет яблоком и медом

По церквам твой кроткий Спас,

И гудит за коcогором

На лугах веселый пляс.

 

Побегу по мятой стежке

На приволь зеленых лех,

Мне навстречу, как сережки,

Прозвенит девичий смех.

 

Если крикнет рать святая:

«Кинь ты Русь, живи в раю!»,

Я скажу: «Не надо рая,

Дайте родину мою».

«Гой ты, Русь, моя родная,

Хаты — в ризах образа…» – деген сыяктуу ыр саптарында, тили элпек, жумшак лиризм мүнөздүү. Даринде да айыл, табият образдары аркылуу, жеке сезимин билдирип мекенге кайрылат. Образдуулук, музыкалуулук басымдуу.

Даринди А.Блок менен салыштырсак, тарыхый тагдыр жана улуттук тема, руханий издөө мотивин окшоштурсак болот. Айырмасы – Блок символизм агымына таандык, поэтикасы татаалыраак. Дариндин стили түз, публицистикалык өңүтү басымдуу.

Ночь, улица, фонарь, аптека,

Бессмысленный и тусклый свет.

Живи еще хоть четверть века —

Всё будет так. Исхода нет.

 

Умрешь – начнешь опять сначала

И повторится всё, как встарь:

Ночь, ледяная рябь канала,

Аптека, улица, фонарь — деген Блоктун ыр саптарында тили өзгөчө: символизм, философиялык маанай, кайталанма образдар аркылуу терең ой берүү, татаал, көп катмарлуу маанилер бар.

Эгер Даринди Константин Симонов менен салыштырсак, окшоштуктары — патриоттук пафос, коомдук жоопкерчилик темасы. Айырмасы — Симонов согуш темасын жеке тажрыйба аркылуу чагылдырган. Дарин деле Улуу Ата Мекендик согуш темасына кайрылган ырлары арбын. Бирок бул ырларда согушка бүгүнкү күндүн көз карашынан баа берет, талдайт, көбүнчө заманбап коомдук жана руханий маселелерди
көтөрөт.

Константин Симоновду окуп көрөлү:

Жди меня, и я вернусь.

Только очень жди,

Жди, когда наводят грусть

Желтые дожди,

Жди, когда снега метут,

Жди, когда жара,

Жди, когда других не ждут,

Позабыв вчера.

Жди, когда из дальних мест

Писем не придет,

Жди, когда уж надоест

Всем, кто вместе ждет.

 

Жди меня, и я вернусь,

Не желай добра

Всем, кто знает наизусть,

Что забыть пора.

Пусть поверят сын и мать

В то, что нет меня,

Пусть друзья устанут ждать,

Сядут у огня,

Выпьют горькое вино

На помин души…

Жди. И с ними заодно

Выпить не спеши.

 

Жди меня, и я вернусь,

Всем смертям назло.

Кто не ждал меня, тот пусть

Скажет: — Повезло.

Не понять, не ждавшим им,

Как среди огня

Ожиданием своим

Ты спасла меня.

Как я выжил, будем знать

Только мы с тобой,-

Просто ты умела ждать,

Как никто другой.

Бул ырдан көрүнүп тургандай, автор окурманга түз, ачык кайрылат. Ырда согуштук реалдуулук, сезим менен милдеттин айкалышы, күчтүү эмоционалдык пафос. Ырдын күчү мына ушунда.

Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот. Дмитрий Дарин салттуу поэзиянын нугунда жазган, идеялык мазмунга басым жасаган акын. Ал класси-калык орус поэзиясынын интонациясын сактап, бирок мазмун жагынан заманбап коомдук темаларды чагылдырууга умтулат.

Анын стилин мүнөздөгөн жалпыланган үлгү: Мекен — тарыхтын тирүү үнү, жоопкерчилик — ар муундун жүгү. Тил өзгөчөлүгүнө келсек: Дмитрий Даринде идеялык түздүк мүнөздүү. Публицистикалык интонация бар. Руханий жана тарыхый темалар камтылган. Патриоттук пафос күчтүү.

Есенинде табиятты, айылды сүрөттөп, лирикалуулук басымдуулук кылып, аны жеке сезими аркылуу берсе, Блок символдор менен ойлонот, философиялык терең ойлорго батат, руханий изденет. Симонов реалдуу турмушту жазат, патриоттук-эмоциалдык тон мүнөздүү, милдет, үмүткө идеялык басым жасайт. Дариндеги өзгөчөлүк тарыхый образдар аркылуу патриоттук-публицистикалык ой жүгүртөт, анын ырларында коомдук жоопкерчилик алдыңкы планга чыгат.

Дмитрий Дарин Ленинградда төрөлүп өскөн. Россиянын ДНР жана ЛНР жа-зуучулар союзунун, Россия журналисттер союзунун мүчөсү. 11 ырлар жыйнагынын жана 3 проза жыйнагынын автору. Ырлары араб, испан, болгар жана француз тилдерине которулган. С. Есенин (2005-ж.), М.Ю. Лермонтов (2019), Володин атындагы «ИМПЕРСКАЯ КУЛЬТУРА» (2022), В.С. Пикуля (2023),  атындагы жана ж.б. сыйлыктардын лауреаты. Экономика илимдеринин  доктору.

Дарин саптар

СҮЙҮҮ КАНЫ

Мен – сүйүүнүн жарыгымын!

А сен менин күүгүмүм!

Чачтарыңдын өрүмүндө – көңүлүм

Көлөкөңдө өтөт менин өмүрүм.

 

Мен – сүйүүнүн Кудайымын!

А сен – менин дубамсың!

Канча сага жалбарбайын жалынып,

Сен чоочундай мени тиктеп турарсың.

 

Мен – сүйүүнүн Падышасымын!

А сен кулду сүйөсүң, арсыз кулду…

арсыз кул!

Ал камчыга, сөзгө дагы татыксыз.

Падышанын жары болгуң келбейт,

эмнең бул…

 

Мен – сүйүүнүн отумун!

А сен жолдон адаштың!

Сени эч качан кечирбеймин

Отунда өрттөйм кумардын!

 

Мен – сүйүүнүн кароолумун!

Көзүң тиктеп, үнүм катып унчукпайм –

Мен тирүүмүн! Тирүүмүн! Сен неге,

Сен ашыксың жарыбаган пендеге.

 

Мен – сүйүүнүн Кулумун!

Жан дүйнөңө көтөрүлүш жасадым!

Башка жол жок, чегинүүгө да болбойт

Же багынгын, багынткын.

 

Сүйүү барын танбайм, бирок ал сүйүү

Бөтөн, чоочун… меники эмес, сеники.

Башканыкы, а сен дагы башкаларга таандыксың

А мен – сүйүү канымын!

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз