Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы таанылган салык карыздарын автоматтык түрдө өндүрүү укугуна ээ болду. Эми салык төлөөчү милдеттенмесин өз убагында аткарбаса, каражаттар анын макулдугусуз эле банктык эсептеринен же электрондук капчыктарынан алынып, түздөн-түз бюджетке которулат.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы тартип салыктык төлөм талабы коюлгандан кийин гана ишке кирет. Эгерде салык төлөөчү 30 күндүн ичинде карызын ыктыярдуу түрдө жаппаса, мажбурлап өндүрүү механизми колдонулат. Бул мөөнөт расмий билдирүү тапшырылган күндөн тартып эсептелет.
Маалыматка ылайык, «таанылган карыз» катары салык төлөөчү өзү отчетто көрсөткөн же жазуу жүзүндө моюнга алган суммалар эсептелет. Ошондой эле белгиленген мөөнөттө даттанылбаган салык органынын эсептөөлөрү жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери менен бекитилген карыздар да ушул категорияга кирет.
Салык кызматы жарандарды жана ишкерлерди өз салык милдеттенмелерин өз убагында текшерип, төлөп турууга чакырат. Анткени карыз төлөнбөсө, банктык эсептердеги жана электрондук капчыктардагы каражаттар бөгөттөлүп же автоматтык түрдө алынуусу мүмкүн. Адистердин айтымында, салыктарды өз убагында төлөө мажбурлоо чараларынан жана соттук териштирүүлөрдөн сактап, финансылык операциялардын үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздайт.

