Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу жана экология боюнча комитетинин жыйынында жазгы талаа жумуштарына даярдык тууралуу отчёт берди.
Министрдин маалыматы боюнча, республикада жалпы 498 суу сактагыч бар, алардын көлөмү 1 млрд 757 млн куб метрге жетет. Учурда топтолгон суу 884 млн куб метрди түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 30–35% аз.
2026-жылы 1 млн 250 миң гектар айыл чарба жерине себүү иштерин жүргүзүү пландалууда. Анын алкагында сугат инфраструктурасын модернизациялоо жана оңдоо үчүн 12 млрд 300 млн сом республикалык бюджеттен каралган.
Талаа жумуштарына даярдыкта пландалган иштер:
-
776 миң чакырым сугат каналын, 657 бетон төшөлмөнү жана 590 гидротехникалык курулушту тазалоо жана оңдоо;
-
508 суу өлчөөчү пост жана 91 насостук станциянын техникалык абалын текшерүү, 46 станция жаңылоо;
-
1,5 миңге жакын электрондук эсептегич орнотуп, фермерлерге берилчү суунун көлөмүн эсептөө;
-
225 коллектордук-дренаждык тутумду тазалоо.
Төрөбаев белгилегендей, бул иштер фермерлер үчүн суу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана айыл чарба өндүрүшүн күчөтүү максатында жүргүзүлөт.

