Жеке ассистенттер камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алышпайт

0
1372

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-мартынан тартып жеке ассистенттер милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алуудан бошотулат.

Белгиленгендей, туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж балдарга, ошондой эле I топтогу майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүчү жеке ассистенттердин эмгек акысынын өлчөмү кайра каралган. Ай сайынкы төлөм 8 697,32 сомду түзөт.

Министрлик маалымдагандай, буга чейин жеке ассистенттер өздөрү камсыздандыруу полисин сатып алчу болсо, эми бул милдет аймактык бөлүмдөр менен салык кызматынын өз ара аракеттенүүсү аркылуу автоматташтырылат.

Бул жаңылануу балдарга жана майыптыгы бар адамдарга кам көргөн ассистенттердин кызмат акысын төлөө процессин жеңилдетүүгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз