Ысык-Атада автоклавдык газобетон блокторун чыгаруучу завод курулууда

0
1998

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Ата районунда курулуп жаткан автоклавдык газобетон блокторун өндүрүүчү заводдун курулуш иштери менен таанышты.

Мекеменин маалыматына ылайык, министр курулуштун жүрүшүн жана орнотулуп жаткан жабдууларды көрүп чыгып, бул долбоорго мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Аталган завод «ХУА РУЙ» ЖЧКсы тарабынан инвестициялык келишимдин алкагында курулууда. Долбоордун жалпы наркы 10 млн долларды түзөт. Ишкананы 2026-жылдын апрель айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Завод заманбап кытай технологиялары менен жабдылып, суткасына 500дөн 1500 куб метрге чейин, ал эми жылына 200 миң куб метрге чейин автоклавдык газобетон блокторун чыгарууга мүмкүнчүлүк алат. Бул ички рынокту сапаттуу жана жеткиликтүү курулуш материалдары менен камсыздоого, ошондой эле импортко болгон көз карандылыкты кыскартууга шарт түзөт.

Учурда негизги өндүрүш корпустарынын курулушу аяктап, жабдууларды монтаждоо иштери жүрүп жатат. Кийинки этапта адистерди окутуу жана заводду ишке киргизүү пландалууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз