Кыргызстандагы Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын ата-энелери түзгөн Сантерра коомдук фонду коомчулукка кайрылып, колдоо көрсөтүүгө чакырды. Фонддун өкүлдөрүнүн айтымында, Даун синдрому айыкпайт, бирок мындай өзгөчөлүгү бар балдарга туура кам көрүү жана өнүктүрүү аркылуу коомго толук кандуу аралашууга шарт түзүүгө болот.
“Сантерра” фонду 10 жылдан бери өз имараты жок иштеп, ар кандай жайларды ижарага алып келет. Учурда ата-энелер 2026–2027-окуу жылына карата 40 баланы камтыган долбоор иштеп чыгышкан. Анын алкагында:
- балдарды окутуу;
- социалдаштыруу;
- дене тарбия менен машыктыруу;
- когнитивдик жана сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү каралган.
Долбоордун жалпы баасы 1 млн 584 миң сомду түзөт. Буга чейин кайрымдуулук иш-чаралары аркылуу 203 миң сомдон ашык каражат топтолгон. Маалыматка ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы долбоорду колдоого даяр. Эгер май айынын аягына чейин керектүү сумманын жарымы чогултулса, банк бул каражатты эки эсеге көбөйтүп каржылайт.
Учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн дагы 588 миң сомдон ашык каражат талап кылынууда.
Эскерте кетсек, фонд 2016-жылы түзүлгөн. Андан бери Даун синдрому бар балдардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык жана методикалык колдоо көрсөтүп, балдардын өнүгүүсүнө көмөктөшүп, коомчулукка маалымат берүү иштерин жүргүзүп келет.
Фонд жарандарды жана мамлекеттик түзүмдөрдү кайдыгер болбоого чакырып, ар бир колдоо балдардын келечеги үчүн маанилүү экенин белгилейт.
