Башкы беткеСоциалдыкАймактарда жаназага мал союу, дастаркон жаюу жоюла баштады

Аймактарда жаназага мал союу, дастаркон жаюу жоюла баштады

Нарын облусунун Кочкор районунда маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү адаттан тыш форматта өттү. Аза күткөн үйдө мал союлуп, казан асылган жок.

Маалым болгондой, сөөк ээси райондук имам Жеңишбек Арзымкожоев болгон. Ал мындай чечимди кесиптик көз карашына жана өлкөдө ысырапкерчиликти азайтуу боюнча демилгелерге таянып кабыл алганын билдирди.

Анын айтымында, жамандык болгондо үй-бүлө маркумду эскерүүдөн көрө келген коноктордун камын ойлоп калат.

“Президенттин ысырапты токтотуу тууралуу чакырыгына ылайык, кан чыгарган жокпуз”, — деди ал.

Маркум 88 жашында дүйнө салган. Ал 11 баланы тарбиялап өстүрүп, чоң журтка айланган инсан болгон. Буга карабастан үй-бүлө “эл эмне дейт” деген түшүнүккө алдырбай, ашыкча чыгымдан баш тартууну туура көргөн.

Имамдын айтымында, бул чечим алдын ала үй-бүлө ичинде кеңешилип кабыл алынган. Маркум ооруп жаткан учурда эле мал сойбоо маселеси талкууланып, тууган-урук жана айыл аксакалдары менен макулдашылган.

Мындан тышкары, үчүлүк, жетилик, кыркы сыяктуу чоң чыгым талап кылган жөрөлгөлөрдү өткөрбөй, бир жолу куран окутуу менен чектелүү чечими кабыл алынган.

Жеңишбек Арзымкожоев өлкөдө ысырапкерчилик дагы эле олуттуу маселе бойдон калып жатканын белгиледи. Айтымында, айрым үй-бүлөлөр салтты сактоо шылтоосу менен карызга батууга чейин барып жатышат.

Гезит

Где искать спрос

Центральная Азия как рынок для Кыргызстана        Регион перестает быть периферией мировой экономики и все больше функционирует как самостоятельный рынок. Внутрирегиональная торговля растет, производственные связи...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар