Башкы беткеСоциалдыкЭскилиги жеткен бардык аялдамалар жаңыланат

Эскилиги жеткен бардык аялдамалар жаңыланат

Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар жаңыланат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аялдамалардын дээрлик көп бөлүгү эскирди. Айрымдары Союз мезгилинде курулган.

«Конструкциялары эскирип, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албайт. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды этап-этабы менен жаңылап, заманбап аялдамаларга алмаштыруу иштери башталды. Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын «Өндүрүштүк-инновациялар борбору» иштеп чыгууда», — деп жазды министр.

Солтобаев белгилегендей, жаңыланган аялдамалар сапаттуу курулуп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат кылат. Жакын арада жаңы жасалган аялдамаларды пайдаланууга берүү пландалууда.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар