Башкы беткеСаясат жана коомКоомАярлуу балдар үчүн бала бакча курулат

Аярлуу балдар үчүн бала бакча курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы “Үмүт чырагы” майыптыгы бар балдарга арналган бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусун салды.

Иш-чарада минкаб төрагасы сөз сүйлөп, чогулгандарды бала бакчанын курулушунун башталышы менен куттуктады.

Долбоорго ылайык, бала бакча 250 орунга ылайыкталган, заманбап шарттары бар эки кабаттуу имараттан турат.

Маалымдалгандай, бакчанын жалпы аянты 3 570 чарчы метрди, ал эми жер тилкесинин аянты 93 сотыхты түзүп, толугу менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталып курулмакчы.

Имаратта атайын аянтчалар, ашкана, гимнастика үчүн зал, музыкалык зал каралган.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган бул бала бакча ARTWIN курулуш компаниясы тарабынан курулуп, болжол менен 4 млн доллар каражат сапрталары маалымдалды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар