Башкы беткеМаанилүүКыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасын иштеп чыгуу маселеси талкууланды

Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасын иштеп чыгуу маселеси талкууланды

 Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасын иштеп чыгууга арналган стратегиялык талкууга старт берилди.

Иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, негизги министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери, ар түрдүү тармактардын эксперттери, ошондой эле дүйнөдөгү алдыңкы консалтингдик компаниялардын бири Boston Consulting Group (BCG) өкүлдөрү катышууда.

Негизги максат – туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттик саясатты комплекстүү модернизациялоого багытталган өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу. Талкуунун жүрүшүндө программаны ишке ашыруунун конкреттүү милдеттери жана механизмдери, ошондой элеаларга жетүү жолдору аныкталат.

Талкуунун жыйынтыгы өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн комплекстүү стратегиясын түзүүдө маанилүү кадам болуп калат деп күтүлүүдө.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар