whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАдылбек Касмалиев Нарындагы курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Адылбек Касмалиев Нарындагы курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында алгач Кочкор районундагы автобекеттин курулуш иштери менен таанышты. 

Курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу өкмөт башчыга президенттин Нарын облусундагы өкүлү, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри айтып берди.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1,5 гектар жерди ээлеген автобекет республикалык бюджеттин эсебинен 395,579 млн сомго курулууда. Учурда автобекеттин пайдубалы түптөлүүдө.

Маселен, Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 чакырым туурасы 24 метрди, Ж. Шералиев көчөсүнүн узундугу 2,2 чакырым туурасы 10,5 метрди түзгөн жолдо жасалып жаткан жумуштарга жолду кеңейтүү, асфальт төшөө, жолго жолтоо болгон объекттерди алуу иштери кирет. Ошондой эле узундугу 13 чакырым болгон жалпы 39 көчөгө асфальт төшөө долбоорун жасатуу жумуштары жүрүүдө. Жалпы узундугу 84-120 чакырымды түзгөн Нарын-Баетов унаа жолу да оңдолуп жатканы маалымдалды.

Андан соң, өкмөт башчысы Нарын аэропортунун курулуш иштерин текшерди.  Аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларын оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тиешелүү шарттар түзүлүп, ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленет.

Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана планга киргизилген объекттерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар