Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 1–2-апрель күндөрү Азербайжан Республикасына иш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө Илхам Алиев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлөрү пландалууда.


