Башкы беткеСоциалдыкКыргыз товарлары үчүн Wildberries’те жаңы бөлүм ачылат

Кыргыз товарлары үчүн Wildberries’те жаңы бөлүм ачылат

Ата мекендик продукцияны Россия рыногуна илгерилетүү максатында «Кыргыз Экспорт» борбору менен «ВБ Кейджи» ЖЧКсы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, Wildberries маркетплейсинде кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары жайгаштырылуучу «Кыргызстанда жасалган» аттуу атайын бөлүм ачылат.

Бул демилге ата мекендик товарлардын таанымалдыгын жогорулатууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана кыргыз продукциясынын россиялык керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.

Адистердин баамында, жаңы бөлүм жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн ири рынокко чыгууга жана сатуу көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар