Борбордогу ири базарлардын бири болгон «Ош базарын» жакынкы күндөрү шаардын сыртындагы жаңы жайга көчүргөндөн кийин ордун сейил бакка айландыруу тапшырмасы коюлганын президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Бул долбоор Бишкек шаарындагы унаа тыгын көйгөйүн чечүү, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында ири базарларды борбордон тышка көчүрүү, ирээтке келтирүү саясатынын алкагында аткарылган арбын иштердин бири. Ош базары 1983-жылы 5 гектар жерде түзүлгөн. Учурда расмий түрдө базарда 6 миңдин тегерегинде адам эмгектенип келет. Базардын айрым аймактары убакыттын өтүшү менен менчиктештирилип, учурда базарга 88 кожоюн ээлик кылат.
Д. Орунбековдун айтымында Бишкектен аэропорт тарапты көздөй бараткан жолдун боюнда курулуп жаткан жаңы базардын аянты азыркы базардан 4-5 эсе чоң болуп, заманбап шарттары менен болмокчу. Базар түшчү 40 гектар саздак жерге дренаж жасалып, инженердик коммуникациялар тартылып, эң оор жумуштар аткарылып жаткан кези. Жаңы базарды курдуртуп жаткан Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, “Ош базарындагы” соодагерлердин бардыгы жаңы базарга көчөт. Курулуп жаткан соода жайы кышкысын жылуу, жайкысын салкын болуп, бардык шарттары түзүлмөкчү. Эт, сүт-азыктарын, жашылча-жемиштерди, азык-түлүк, кийим саткан жайлар өз-өзүнчө бөлүнүп, санитардык-гигименалывк талаптар сакталмакчы. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы жаңы «Ош базары” 3 ай ичинде курулуп бүтүп, толугу менен көчүрүлөрүн билдирген эле. Ошондой эле Бишкектеги «Аламүдүн» базары ирээтке келтирилип, аймагына 237 орундуу унаа токтотуучу жай курулуусу пландалууда. Ал 4 кабаттан туруп, 3 кабаты жер алдында жайгашат. Учурда «Орто-Сай» базарында да 252 унаага эсептелинген көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулушу башталды. Эми базардын ичиндеги жолдор оңдолуп, асфальт төшөө иштери да башталмакчы.
Андан тышкары ветеринардык коопсуздукту камсыздоо, шаарды ирээтке келтирүү максатында Бишкектеги санитардык талаптарга жооп бербеген мал базарлар, касапканалар жабылып, тышкары аймакка жаңылары курулмакчы. Алсак, Бишкектин четиндеги Маевка айылында 3,7 гектар аянтка заманбап талаптарга жооп берген “Алтын-Казык” мал базары курулууда. Мал базардын аймагында сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, кеңири унаа токтотуучу жайы, мал үчүн өзүнчө короолор, ветеринардык текшерүү зоналары каралган.