whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргыз сому сыртта эмес, Кыргызстанда чыгарылат

Кыргыз сому сыртта эмес, Кыргызстанда чыгарылат

Президент Садыр Жапаров кечээ “Учкун” ачык акционердик коомуна барып, күйүүчү майды маркировкалоо, акциздик маркаларды жана паспортторду даярдоо боюнча өндүрүш процесси менен таанышты.

Мамлекет башчысынын тапшырмаларынын негшизинде ишканада масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлүп, паспортторду, акциздик маркаларды жана окуу адабияттарын чыгаруу үчүн заманбап басма жабдыктары сатып алынып, инфраструктурасы жаңыртылган. Натыйжада өндүрүштүн көлөмүн кыйла жогорулап, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө.

Президенттин Иш башкаруучусу К.Туманбаев 2024-жылы киргизилген күйүүчү майды маркировкалоо системасына өзгөчө көңүл бурулганын билдирди. Бул механизм мамлекеттик бюджетке акциздик жыйымдардан өнүмдүүлүгүнүн олуттуу көбөйүшүнө, мунайзаттардын сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө жана отундун көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө өбөлгө түздү. Мындан тышкары, “Учкун” ААК өлкөнү паспорттук жана басма продукциялары менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 770 103 паспортту, анын ичинде 359 221 жалпы жарандык паспортту жана 410 882 ID-картаны чыгарган. Ошондой эле миллионго жакын нуска китеп басылып чыккан. Компаниянын салык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 278 млн сомдон ашты.

Акционердик коомду кыдыруу маалында президентке атамекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилди. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев биринчи этапта майда номиналдагы купюралар басып чыгарыларын, бул жүгүртүүдөн алынчу эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

“Учкун” мекемесинде айдоочулук күбөлүк жана техпаспорт да даярдала баштайт. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр уникалдуу коргоочу катмарлардан турат. Алар мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, карта түрүндө жасалат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар