Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Керималиев жазгы талаа иштери, кооперативдерди түзүү жана аларга түзүлүп жаткан шарттар боюнча гезитибизге маек куруп берди.
– Жаныбек Калканович, учурдагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү
тууралуу айтып берсеңиз?
– Айыл чарба министрлиги 2024-жылдын күз айларынан баштап эле даярдыктарды көрө баштаган. Жазгы талаа иштерин жүргүзүү боюнча атайын токтом кабыл алынды. Анын негизинде иш-чаралар бекитилип, ошого ылайык, жазгы талаа иштери жүргүзүлүүдө. Райондук, облустук жана республикалык штабдар түзүлүп, учурда иштеп жатат. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында үч жолу видеоконференция өткөрүлдү. Бири жергиликтүү агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана өзүбүздүн структуранын адистери менен өтсө, экөө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын, биздин структуралардын жана акимдер, акимдердин орун басарларынын катышуусунда өткөрүлүп, бардык тапшырмалар берилди.
Жазгы талаа иштерине үрөн, жер семирткич, күйүүчү майлоочу май менен камсыздоо кирет. Дыйкандарды үрөн менен камсыздоо үчүн 64,6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет, бүгүнкү күнгө карата үрөн менен камсыздоо 91 пайызды түздү. Ал эми сулу, күрүч, тамеки, чанактуулар жана соя өсүмдүктөрү 100 % камсыздалды. Жетпеген үрөндөр дотация аркылуу жана үрөн чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөндөр менен камсыздалат.
Кыргызстанда болжолдуу 140 – 150 миң тонна жер семирткич керектелет. Учурда анын 30,5 % камсыздалды.
– Дыйкан, фермерлерди күйүүчү майлоочу май менен камсыздоо жаатында кандай иштер жүргүзүлүүдө?
– 2025-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 42,2 миң тонна дизель, 12,0 миң тонна бензин керектелет. Учурда нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар. Мындан тышкары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2025-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 10 миң тоннага чейин дизель дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген 65 сомдук баада берип жатат. Быйыл күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралбайт деген ишеничтебиз.
– А күзүнда канча жер айдалды эле?
– 2024-жылдын күз айларында 252,6 миң га айдалып, анын ичинен 157,9 миң га жер аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилип, 94,7 миң гектарга тоңдурма айдоо иштери жүргүзүлгөн.
– Бүгүнкү күндө айыл чарбасында ийгиликтерге жетишүү дыйкан-фермерлерден билимди да талап кылат. Ушул өңүттөн алганда аларды окутуу жаатында эмне иштер аткарылды?
– 2024-жылдын ноябрынан тартып облус, райондордо 13 фермерлерди тейлөө борборлору (ЦОФ) ачылып 704 адамдарга консультациялык жардамдар берилди, азыркы учурда бул иш-чара уланууда;
– 2025-жылдын январында 4 күндүк “Агродиалог-2025” форуму өткөрүлдү, форумда дыйкан-фермерлер аныкталган чемпиондор, агрегаторлор менен жолугушуп, тажрыйба алмашуулар өткөрүлдү;
– ушул жылдын 7-12-февралында өлкөнүн түштүк облустарында «Агрозоовет–2025» окутуу караваны өткөрүлдү жана 600дөн ашык дыйкан-фермерлер кирешелүү, экспорттук суроо-талапка ээ болгон өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун заманбап технологиялардын негизинде өстүрүү боюнча маалымат алышты.
Мындан сырткары, Министрлик тарабынан “3+2” пилоттук долбоору кабыл алынып, бүгүнкү күнгө республика боюнча 200 дыйкан-фермер аныкталып, айдап себүүдөн баштап продукцияны сатууга чейин, тактап айтканда “Талаадан сатууга чейин” процессине коштоо жүргүзүлүп жатат.
– Кооперативдердин өнүгүшүнө түрткү берүүчү укуктук, финансылык механизмдер иштелип чыкканбы?
– Министрлик тарабынан №309 токтом кабыл алынган. Анда мамлекеттик жер фондунан кезексиз жер бөлүп берүү жагы каралган. Алар конкурсу жок эле түз келишим түзүп, жерди ижарага алышат. Кооперативдер өндүрүүдөн түшкөн салыктан бошотулган. Андан сырткары кошумча нарк салыгын дагы төлөшпөйт. Кооперативдин мүчөлөрү киреше салыгына болгону 2 пайыз төлөшөт. Кооперативге алынган жумушчулар болсо болгону 10 пайыз салык төлөшөт. Бул да болсо, кооперативдерге МинКаб тарабынан көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктердин бири.
– Кооперативдин мүчөлөрүнүн укугу, кызыкчылыктары кандай корголот?
– Кызыкчылыктардын укуктук-ченемдик актылары менен корголот. КРнын Конституциясы, КРнын кооперативдер жөнүндө мыйзамы, Айыл чарба кооперативдеринин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө токтому, түзүлгөн кооперативдердин жобосу жана кооперативдердин жалпы чогулушунун жана башкаруу органдарынын кабыл алган чечимдери менен корголот.
Ошондой эле бириккен товар өндүрүүчүлөр өздөрүнүн мүлкүнө өздөрү ээлик кылышат. Бул тууралуу мыйзамдарда, кооперативдердин жобосунда так жазылган.
Кооперативдин мүчөлөрүнүн мүлккө ээлик кылуусунун кепилдиги:
Кыргыз Республикасынын «Кооперативдер жөнүндө» Мыйзамы (2004-жылдын 11-июну №70) менен; Түзүлгөн кооперативдин жобосу жана кооперативдин жалпы чогулушунун жана башкаруу органдарынын кабыл алган чечимдери менен кепилденет.
– Жаңы бириккен кооперативдерге артыкчылыктар каралганбы?
– Бириккен товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба өндүрүшүнүн тармактарын өнүктүрүү үчүн төмөндөгүдөй шарттарда насыя берилет:
Жылдык пайыздын чени 6,0%, жеңилдетилген мезгил 6 ай, берилүүчү насыянын өлчөмү 25,0 млн. сомдон-150 млн. сомго чейин 5 жылга күрөө менен берилет.
– Министрлик буга чейин уюштуруунун оң жана терс жактарын эске алып, айыл чарба кооперативдери боюнча кандай моделдерди сунуштайт?
– Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасында 2023 – 2027–жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасы бар. Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативдерин уюштуруу жана өнүктүрүү жолу менен өлкөнүн калкын коопсуз жана сапаттуу азык – түлүк менен камсыз кылуу, бул тармактын инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу, азык – түлүктүн импортту алмаштыруунун көлөмүн көбөйтүү үчүн кластердик өнүгүүнүн негизинде агроөнөр жай комплексинин субъекттерин интеграциялоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы товар өндүрүүчүлөрдү бириктирүү, ирилештирүү жана айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү, техникалык жактан кайра жабдуу, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү менен өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү, республикадагы калкынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экспорттук потенциалды өстүрүүнү камсыз кылуу максатында “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору иштелип чыккан жана 2024-жылдын 6-декабрындагы КР Министрлер Кабинетинин № 786 тескемеси менен бекитилген.
Учурда республика боюнча 753 айыл чарба кооперативдери өз өндүрүшүн жүргүзүп жатат. Мындан сырткары мамлекеттик кат-тоодон өтпөй эле кооперативдин принциптери менен иш алып барып жаткан – 5 миңге жакын чарбалык, үй-бүлөлүк жана жамааттык бирикмелер, уюмдар бар.
Министрликтин негизги максаты:
Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана мурда түзүлүп, иштебей турган кооперативдер жандандыруу процессин колго алуу;
Иштелип чыккан программаны ишке ашыруунун натыйжасында айыл чарбасындагы кооперативдик башкаруу тармактын структурасын кайра түзүү, кооперативдерди жана ишканаларды техникалык жактан кайра жабдуу, экспорттук потенциалды өстүрүү, айыл чарба продукциясына бааларды кармап турууну камсыз кылуу, кооперативдердин жана ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү камсыздоо боюнча учурдагы актуалдуу маселени чечүүгө мүмкүндүк берүү.
– Учурдагы айыл чарба тармагынын негизги көйгөйлүү маселелери кайсылар?
– айыл чарба өндүрүшү негизинен майда, натуралдык чарба жүргүзгөн үй-бүлөлүк фермердик чарбалардан турат;
– айыл чарба субъектеринин материалдык техникалык базасынын деңгээлинин төмөндүгү жана жетишсиздиги;
– өндүргөн продукциясын товар катары базарга чыгарган жана ири көлөмдө кайра иштетүү ишканаларына саткан, же болбосо экспортко түз жөнөтө алган орто жана ири айыл чарба субъектери республика боюнча 5% түзөт;
– майда айыл чарба субъектери өндүргөн продукциясын «ортомчуларга» же экспортко ташуучуларга арзан баада берүүгө аргасыз;
– айыл чарба жерлеринин рыногу иштебейт, жер бонитети жана банктар тарабынан баалоо иштери жана күрөөгө алуу жүргүзүлбөйт;
– жеңилдетилген шарттарда берилүүчү айыл чарба насыялары жетишсиз, өзгөчө айыл чарба кооперативдерине, соода-керектөө жана сатып өткөрүү кооперациясын өнүктүрүүгө;
– булардан тышкары социалдык, психологиялык, коррупциялык, геоэкономикалык жагдайлар.
– Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн кандай жолдору бар?
– кооперативдерди уюштуруу жана кластердик агрегаторлордун айланасын интеграциялоо жолу менен кластерлердин чийки зат базасын өнүктүрүү;
– АЖМФ айыл чарба жерлерин ижарага артыкчылыктуу берүү;
– айыл чарба кооперативдеринин натыйжалуу иши үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү;
– чарбалык тейлөөнүн кооперативдик формаларын финансылык – насыялык колдоо механизмин өнүктүрүү, салык преференцияларын жана жеңилдиктерди берүү;
– айылдын инфраструктурасын уюштуруу жана айыл чарбасында корпоративдик башкаруу элементтерин киргизүү;
– айыл чарба кооперативдерин илимий, маалыматтык – консультациялык жана менеджменттик камсыздоо системасын өнүктүрүү;
– айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө координацияланган мамиле кылуу үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле, эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсү.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”